Жаалданган бегемоттун туристтердин артынан сая түшкөн видеосу

120
(жаңыланган 09:53 02.06.2021)
Салмагынын оордугуна карабастан керик моторлуу кайыктын артынан калбай бир нече аралыкка чейин кууп келген.

Мугалим жана фотограф Дикен Мучена майдын аягында Кениядан өтө кызыктуу видеону тартып алгандыгын "National Geographic Россия" сайты жазды.

Алардын артынан бегемот бир нече жерге чейин кууп келген окуя Виктория көлүндө болгон.

Туристтер Африканын кечки абасында эс алуу үчүн суу үстүндө моторлуу кайык менен жүргөн. Видеодон ошол аймактан алыс эмес жерден төрт бегемотту көрүүгө болот. Чоочундардын айланадагы тынчтыкты бузганы алардын бирине жакпай калдыбы, айтор, жаныбарлардын бири туристтерди көздөй жаалдана чуркаган.

Бактыга жараша, катердин ылдамдыгынан улам керик аларга жетпей кала берген.

Маалыматтарга караганда, анын суудагы ылдамдыгы саатына 13 чакырымга жетет.

120
Белгилер:
кайык, бегемот, Кения, Африка
Тема боюнча
Жан айласын кылып сууга кирген антилопанын кейиштүү окуясы. Видео

Атаандашын жонуна көтөрүп. Япониялык дзюдочу кыздын кубанткан видеосу

146
Чемпион болгон спортчу кыз финалда жаракат алган атаандашына ичи ачышканын билдирип, ага жакшылык кылууну чечкен.

Венгриянын Будапешт шааарында өтүп жаткан дзюдо боюнча дүйнө чемпионатында кыздар күрөшүнөн япониялык Сара Асахинанын атаандашына көрсөткөн бийик адамгерчилиги көрүүчүлөрдү кубантты. Ал таймашта бутунан жаракат алып аксап калган атаандашы Вакаба Томитаны далысына көтөрүп, татамиден (килем) чыкканга жардам бергенин Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайты жазды.

Боорукер спортчу оппонентине ичи ачышканын билдирген.

"Эң оор беттеш финалда болду. Мен чарчап, жеңилип да калышым мүмкүн болчу. Ал жаракат алып калды. Ичим ачышты, ошондуктан ага колдон келген жардамымды берип, татамиден чыкканга көмөктөштүм", — деген ал.

Сүйкүмдүү окуянын видеосун Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады. 

Анда дзюдо балбандары бийик адамгерчилиги менен дайыма коомчулукту таң калтырып келгени белгиленет.

Мелдештин жыйынтыгы аялдар күрөшүнөн +78 килограмм салмак категориясында төмөнкүчө болду:

  • Сара Асахина (Япония)
  • Вакаба Томита (Япония)
  • Мария Суэлен Альтеман (Бразилия) жана Беатрис Суза (Бразилия).
146
Белгилер:
Япония, Будапешт, дүйнө чемпионаты, дзюдо
Тема боюнча
Адамгерчилиги бийик экен! UWW Айсулуунун аракетин жылдын жагымдуу учуру деп атады
Акактап келе жаткан атаандашына суу сунган Көчкөнбаевдин ич жылыткан видеосу

Жети секундда сулата чапты. UFC 263 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу

173
(жаңыланган 14:51 13.06.2021)
13-июнда эртең менен аралаш мушташ боюнча UFC 263 турнири жыйынтыкталды. Мелдеш кызыктуу кармаштар, нокауттар жана реванштар менен коштолду.

Башкы беттеште промоушендин орто салмактагы чемпиону Исраэль Адесанья менен италиялык Марвин Веттори кез келди. Бул турнирде Нейт Диас Леон Эдвардс менен мушташты.

Эң жеңил салмактын чемпиондук наамы үчүн Дейвесон Фигередо менен Брэндон Моренонун реванштык беттеши, аягында Фигередонун атаандашына көрсөткөн урмат-сыйы мелдешке өзүнчө көрк берди.

Экс-чемпион, дивизиондун лидери жеңилип, чемпиондук курду алдырганына карабай атаандашын асманга көкөлөткөнүн UFC Russia өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Ал эми америкалык мушкер Терранс Маккини дебюттук таймашында атаандашы Мэтт Фреволду жети секундада эле жыга чапты. Ал мекендешинин ээгине удаасы менен эки кубаттуу сокку урганда ал жерге сулк кулаган. Ийгилигине кубанган мушкер так секирип жатып бутун кокустатып алды. Алып баруучу Маккининин буту тизесинен чыгып кеткенин айтты.

173
Белгилер:
реванш, нокаут, беттешүү, турнир, UFC
Тема боюнча
Баш көтөртпөй... Абдыкааров OPEN FC Гран-при мелдешинин финалына чыккан видео
Ала-Тоо аянты. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
14-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас облусунда +24...+29, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +28...+33, Ысык-Көл аймагында +18...+23, Нарын жергесинде +17...+22 градус жылуу болот.

Күндүн табы борбор калаада +27...+29, Ош шаарында +30...+32 градуска чейин көтөрүлсө, Чолпон-Ата шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Июндун аягында кыргызстандыктар жылдыз жааган түнгө күбө болот