Бекер алып кетип жатышат. Бишкектин аялдамасынан тартылган видео

354
(жаңыланган 19:07 02.06.2021)
Бүгүн, 2-июнда, Бишкек шаарындагы маршруткалар каттамга чыкпай эл бир топ кыйналды. Айдоочулар тарифти 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү аялдамага барып, кеч курун, эл иштен кайткан учурдагы абалга көз салды.

Кадрдан жеңил автоунаалардын айдоочулары аялдамада коомдук транспортту күткөн элди чекесинен бекер эле алып кетип жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Бишкек шаарынын бийлиги маршруткалар качан ишке чыгарын айта албастыгын билдирди.

354
Белгилер:
тариф, маршрутка, Бишкек
Тема:
Бишкекте маршрутка айдоочуларынын иш ташташы (37)
Тема боюнча
Акыйып автобус күткөн шаардыктар. Бишкектеги азыркы абалдын 14 сүрөтү
Маршрутка айдоочулары бүгүн ишке чыгар-чыкпасын мэрия билбейт
Маршрутканын жол кире тарифин көтөрүү маселеси сентябрга калды

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

265
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

265
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

245
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

245
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео
Медициналык кызматкерлер жансыз денени Делидеги ооруканага жеткиришет. Архив

Индиялык адис: COVID-19дун "дельта-плюс" штаммы өтө тез жугат

0
(жаңыланган 11:06 24.06.2021)
Адистин айтымында, "дельта-плюс" штаммын жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Индияда табылган коронавирустун "дельта-плюс" (B.1.617.2.1) деп аталган түрү өтө бат жугары аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл индиялык медициналык илимдер институтунун директору Рандип Гулерияга шилтеме берип India Today басылмасы жазды.

Анын айтымында, ооруну жуктуруп алуу үчүн байтаптын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле жетиштүү.

"Жаңы штамм мурдагыларга салыштырмалуу өтө бат жугуп жатат. Ага кабылган адамдын жанынан бет капсыз өтүп кетүү эле вирустун жайылышына алып келет. Бул штаммдын антитело менен иммунитетти тоготпогону адистердин тынчсыздандырууда", — деди адис.

Учурда "дельта-плюс" штаммын индиялык окумуштуулар изилдеп, учудагы вакциналар ага канчалык туруштук бере аларын аныктоого аракет кылууда.

"Дельта" штаммы мутациясын улантууда. Өткөн аптада бул штамм Махараштра штатында табылган. Башкалардан ооруп айыккандардын антителосун жана эмделгендердин иммунитетин төмөндөтүп кое алгандыгы менен айырмаланат. Индияда бул штаммга кабылган 22 учур катталды.

0
Белгилер:
коркунучтар, штамм, коронавирус, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID: Республикалык штаб министрликке жаңы тапшырмаларды берди
Индияда коронавирустун жаңы мутациясы пайда болгону айтылды