Томпоңдоп чуркап, жыт алып качкан бала аюу. Сары-Чат—Ээр-Таштан тартылган видео

Жазылуу
Сары-Чат—Ээр-Таш жаратылыш коругунун аймагында бала аюунун суурдун ийинин казып, андан тапкан олжосу менен тамактанып жаткан учуру көргөн адамды кайдыгер калтырбайт.
Сары-Чат—Ээр-Таш жаратылыш коругунун башкы егери Өмүрбек Курманалиев тарткан эксклюзивдүү видеосун Sputnik Кыргызстанга берген.
"Бул Тянь-Шань күрөң аюусу. Кыргызстанда аюулардын ушул түрү гана жашайт. Болжол менен үч жаштагы баласы", — деп айткан Sputnik Кыргызстанга егерь Курманалиев.
Видеодон коруктун аймагында бала аюу жалгыз жүргөнүн, бир нече жерди "чалгындап", андан соң суурдун ийининдеги топуракты чапчып ыргытып, каза баштаганын көрүүгө болот. Өжөрлөнгөн жырткыч акыры сууруп чыккан тамагын ырахаттана жеп жатканы кадрга түшүп калган. Егерь аны арт жагынан тарткан.
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2020
Жолду кесип, так түйүлө чуркаган аркар-кулжалар. Ак-Шыйракта тартылган видео
Бир учурда бир саамга токтоп, арт жагын кылчайып карап, мурду менен бир нерсени искегендей түр калтырып, бирок "өз ишин" кайра уланткан. Кылчайганда бала аюунун көздөрүн, тумшугун, алысты шектенгендей караганын даана көрүүгө болот. Албетте, бул көргөн адамда суктануу сезимин жаратат.
Егердин андан кийинки кадрлары жырткычтын келген жагын көздөй томпоңдоп жүгүрүп баратканы менен уланган.
"Жыт алып калды окшойт, качты", — деп комментарий берген егерь.
Бала аюу бир топко чейин чуркап баргандан кийин саамга токтой калып, артын кайрылып карап, кайрадан томпоңдоп жолун улаган. Бир нече метрге чейин баргандан кийин ал чала желген суурун эстедиби же кишинин караанын издедиби, айтор, токтоп алып кайрадан артына көз салган.
Егерь бул ирмемдерди да камерасына даана тартып калган. Бала аюу көзүн ачып-жумуп артын бир нече секунда карап турган да, башын чулгуп алып андан ары чуркаган тейде жолун улаган.
Өмүрбек Курманалиев тартып алган эксклюзивдүү видеолорун Sputnik Кыргызстанга берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0