Сибирде укмуштуудай жайлоо уюштурган кыргызстандык Афтандил. Видео

Жазылуу
Россиялык блогер Александр Лист Сибирде боз үй тигип эс алуу жайларын курган кыргызстандык Афтандил тууралуу видео тартып, өзүнүн YouTube каналына жарыялады.
Видеодон кыргызстандык жарандын чарбасы абдан эле чоң экенин көрүүгө болот. Ал тартуу тобуна жыгачтан салынган эс алуучу жайын көрсөтүп берген. Ичинде бассейни менен мончосуна чейин бар.
Афтандил келген конокторду атканадагы бээлерди саап саамал сүт менен сыйлаган.
"Жайлоого келип саамал сүт ичкенде адамдын организми тазаланат. Бир курсу бир жумадан 10 күнгө чейин созулат", — деди блогер.
Александр Лист менен Афтандилдин тандырга бышкан нан жана куурдак жеп отурганын көргөн киши аларды Сибирде деп эч ойлобосо керек. Андагы атмосфера кудум эле кыргыз жайлоосун элестетет.
Атканага кирген блогердин "ат мингенди билесиңби" деген суроосуна Афтандил: "Албетте, билем, кыргыздар үчүн бул күлкүлүү суроо", - деп жооп берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0