Мен чыкчу дагы эки чоку бар. Эверестти багындырган Эдуард Кубатовдун видеосу

251
(жаңыланган 14:04 05.06.2021)
Жер жүзүндөгү эң бийик чокуга чыккан кыргызстандык Эдуард Кубатов Бишкекке келип, сапардын азабы жана жыргалы тууралуу ой бөлүштү.

Альпинистти эртең менен "Манас" эл аралык аэропортунан салтанаттуу түрдө кучак жайып, гүл берип күйөрмандары, жакындары, журналисттер тосуп алышты

Спортчу чокуга чыгуу өтө кыйын болгонун, буга кошумча аба ырайы азапка салганын айтты.

"Эверестте 2007-жылдан берки эң катаал аба ырайы катталды. Бизде Эверестке чыгууга үч күн гана убактыбыз бар болчу. Мен 23-майда чыга алдым. Аба ырайы өтө начарлап, 35 градустан төмөн болуп туруп алды. Эверестте быйыл аба ырайынан жолубуз болгон жок. Ушул себептен чокуну багындырууга арыз берген 400 спортчунун 108и гана келген", — деди Кубатов.

Ал жер жүзүнүн бийик чокусунан үч кичирээк таш ала келгенин, бирөөнү Ысык-Көлдөгү музейге берүүнү ойлоп жатканын кошумчалады.

"Чокуга чыкканда кыргыз тилинде билдирүү жасап, Кыргызстандын желеги менен сүрөткө түшүүнү максат кылгам. Коштоп жүрүүчү адам менен эки мүнөттөй отуруп, анан ааламдагы эң бийик чокуда турганыбызды сездик. Анда эмоциялар жок болчу. Ылдый түшүп баратканда чоң жолду артта калтырып, аман калып, үй-бүлөмдү көрөрүмдү билгенде сездим. Бул сөз менен айтып бере алгыс нерсе", — деди альпинист.

Азыр Кубатов ден соолугун калыбына келтирип, бир нече айдан кийин жаңы чокуларга чыгууга белсенүүдө.

"Мен жети  чоку программасы аркылуу ар бир континенттеги эң бийик жерлерди багындырууну ниет кылып жатам. Буга чейин бешөөнө чыга алдым, дагы экөөнө да көтөрүлө алам деп ишенем. Бул оңой эмес, дүйнөдө программадан өткөн 300дөй гана киши бар, мен Кыргызстандан биринчи болгум келет", — деди спортчу.

Кыргызстандык Кубатов 23-май күнү "Эверест 1" экспедициясынын курамында Эверестти багындырган.

Бийиктикке чыгуу 12-апрелде Непалда башталган. Команданын курамына Израиль, Кыргызстан, Малайзия, Россия жана Өзбекстандан барган альпинисттер кирген.

Кубатов Жердин эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болуп калды. Биринчи болуп ага 1997-жылы Дмитрий Греков чыккан.

Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет.

251
Белгилер:
чоку, спорт, альпинизм, Эверест, Эдуард Кубатов, Кыргызстан
Тема боюнча
Ыраазымын! Эверестке чыккан Эдуард Кубатов Бишкекке учуп келди. Видео, сүрөт
Эвересттеги биринчи кыргыз. Эдуард Кубатов эң бийик чокуну багындырды

Россиянын аскер учагы Кара деңизде британиялык кемени кантип токтотту. Видео

268
(жаңыланган 23:54 23.06.2021)
Россиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде Улуу Британиянын Degender эсминецинин үстүнөн аскер учагы кантип учуп өткөнүн көрсөттү.

Кеме бүгүн Кара деңизден чек араны мыйзамсыз кесип өткөн. Россиялык учкучтар эскертүү катары эсминецтин жолун аткылап, авиабомба таштаган.

Ошондой эле кеменин өзүнө карата курал колдонуларын эскерткен.

Британия эсминец тынчтык жүрүшү менен бара жатканын айткан. Ал эми Россия бул окуя учурунда БУУнун деңиздеги укуктар боюнча 1982-жылкы конвенция бузулду деп эсептейт.

268
Белгилер:
чек ара, учак, кеме, деңиз, Улуу Британия, Россия
Тема боюнча
Кара деңизге жеткирилген артиллериялык, десанттык кемелер. РФ флоту эмнени көздөөдө?

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

247
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

247
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева

Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат

0
(жаңыланган 11:23 24.06.2021)
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева 2021-жылдан баштап балдар 18 жашка чейин фостердик үй-бүлөлөрдө кала аларын айтты.

Фостердик үй-бүлөлөргө коюлган талаптар жогору. Алардын психологиялык абалы, кирешеси, бардыгы текшерилет. Эң маанилүүсү, мурда соттолбогон, укук коргоо органдары менен көйгөйү жок ата-эне болуусу зарыл. Бул тууралуу Гүлбара Жаанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жаанбаева: жалгыз бой ата же энелер да фостердик үй-бүлө боло алат

Анын айтымында, фостердик үй-бүлө сөзсүз түрдө аялы, күйөөсүнөн турушу керек деген талап жок. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, жалгыз бой эне же аталар да бул укуктан колдоно алышат.

"Баланын фостердик үй-бүлөдө тарбияланышы, албетте, биринчи кезекте өзү үчүн пайдалуу. Ал үй-бүлө мүчөлөрүндөй болуп эле чарбалык иштерге аралашып, ата, эне, тууган-уругу бар чөйрөдө өсөт. Адамдык мамиле, боорукердик, күнүмдүк турмуштук иштерди үйрөнөт. Бирок балдар үйүнүн тарбиялануучуларын алып эле каалаган адам фостердик ата-эне боло албайт. Анткени балдар үйлөрүндө өзүнүн ата-энеси турмуштук оор кырдаалга туш болгон же убактылуу балага болгон укугунан ажыратылган тарбиялануучулар да бар. Мындай балдарды башка үй-бүлөгө убактылуу жашоого берип жатканда кийин өз ата-энесине кайтарып берүүсү, аларды жамандабай балага туура түшүндүрүү сыяктуу атайын окуулардан өткөрөбүз. Башкача айтканда, балдарды фостердик үй-бүлөлөргө жайгаштырып эле тим болбостон, аларды өз ата-энеси менен келечекте бириктирүүгө аракет кылабыз. Мурдагы мыйзамдар боюнча, балдар 16 жашка чейин гана фостертик үй-бүлөгө кабыл алынса, ушул жылдан тарта 18 жашка дейре узартылды", — деди Жаанбаева.

Ал ошондой эле фостердик үй-бүлөдө өз балдарын кошкондо бир учурда бештен ашык бала болбошу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
фостердик үй-бүлө, укук, бала
Тема боюнча
Баткен облусунда кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылат. Артыкчылыгы эмнеде