Ташиев: тажик тарап менен макулдаштык, Чоң-Алайдагы аскерлер артка кетет. Видео

4361
(жаңыланган 15:43 05.06.2021)
Жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Ташиев келишимде эмне жазылгандыгы боюнча кийинчерээк расмий маалымат бериле тургандыгын айтты.

Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында турган аскерлерин артка тартуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге сүйлөшүүнүн жыйынтыгын айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен бүгүн да жолугуп, эки тараптуу келишимге кол коюлган.

Жетекчилердин жолугушуусу кыргыз-тажик чек арасында өткөн. Ташиев келишимде эмне жазылгандыгы боюнча кийинчерээк расмий маалымат бериле тургандыгын билдирди.

"Ятимов менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Кечээ күнкү жолугушуу майнапсыз болгон. Ошонун негизинде биз элди көчүрүүгө мажбур болгонбуз. Бирок бүгүн, 5-июнь күнү, кайрадан жолугушуп, протокол кабыл алдык. Анын жыйынтыгын эки сааттан кийин коомчулукка жарыялайбыз. Ал жерде 7-8 пунктудан турган келишим бар. Ага ылайык, Чоң-Алайга тартылган куралдуу күчтөрдүн баарын азыр артка кайтарууга буйрук берем", — деди Ташиев.

Ошондой эле ал Унжу-Булакта чек арачылардан башка бир дагы аскер күчү калтырылбай турганын айтты.

Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.

Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.

Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.

Кечээ, 4-июнда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган. Ал эми бир күндөн соң, тагыраагы, бүгүнтөн тарта көчүрүлгөн эл кайра айылдарына жеткириле баштаган.

Чек ара кызматы бүгүн эртең менен түн тынч өткөнүн кабарлаган.

4361
Белгилер:
кыргыз-тажик чек арасы, Камчыбек Ташиев, Тажикстан, Чоң-Алай, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Чоң-Алайдагы 5 айылдын эвакуацияланган эли кайра үйлөрүнө жеткириле баштады
Чоң-Алайдын 5 айылынын эли эвакуацияланып баштады. Сүрөт
Түн тынч өттү. Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан жок

Адамдын боорукерлиги: суу каптаган апааттан кирпини сактаган кишинин видеосу

75
(жаңыланган 12:17 21.06.2021)
Крымдын аймагын каптаган кубаттуу циклон түйшүк жаратып, элди бир топ чыгымга кириптер кылды. Аймактарды каптаган суу киши боюна жакындаган. Чыгыш-Крым тарыхый-маданий музей-коругу суу ташкында кирпини алардын кызматкери куткарган видеону жарыялады.

Кадрдан сууга түшүп кетпегенге аракет кылып жаныбардын калкыган темирге бекем жабышып турганын көрүүгө болот. Эгерде ирим бир аз эле күчтөнсө, колдун башындай болгон кирпини суу жууп кетери турган иш эле. Жаныбарды байкап калган корук кызматкери аны аярлап алып, "жай" издеп жүргөнү тартылып калган.

Адатта адамдын колуна келгенде качканга аракет кылып, буттарын тыбырчылатып жиберчү кирпи чечендин каршылык кылбай, көздөрүн тостойткон тейде тынч турганы кадрга түшүп калган.

Ал суу биринчи кабатына бир аз жетпей калган үйлөрдүн бирине барып, жашоочусу менен сүйлөшүп, кирпини коопсуз колго тапшырган. Улгайган адам балкондон жипке байлап баштык түшүрүп, ага салынган жаныбарды кайра өзүнө тартып алган.

Маалыматта суу кечип, кирпиге жаңы кожоюн издеп жүргөн ак пейил адам Анатолий Щербак аттуу кызматкер экени айтылган.

Видеонун аягында интернет-колдонуучулардын куткарылган кирпи үчүн ага ыраазылык билдиргенин окууга болот.

75
Белгилер:
суу ташкыны, суу, кирпи, Крым
Тема боюнча
Томпоңдоп чуркап, жыт алып качкан бала аюу. Сары-Чат—Ээр-Таштан тартылган видео

Индия: кабыландын итти жаткан жеринен тамактап, көтөрүп кеткен видеосу

242
(жаңыланган 08:49 21.06.2021)
Индияда үйдүн алдында жаткан итти кабыландын байкатпай келип басып калып, тамактан тиштеп караңгыны көздөй алып кеткен учуру видеого түшүп калган.

The Hindustan Times басылмасы бул окуя бир нече күн мурда Махараштра штатындагы Нашик шаарында болгонун жазды. Эртең менен ойгонгон үй ээси эшиктин алдынан тамчылаган канды көрүп, орнотулган камераны караган. 

Кадрдан бооз кабылан акырын басып келип, олжосун алгач жыттап, ит ойгонгондо дароо басып калганын көрүүгө болот. Андан соң темир тордон тиштеген итти эч буйдалбай көтөрүп өтүп кеткен.

Бул окуянын видеосу социалдык тармакка тездик менен тарап кеткен. Ошол аймактын жашоочулары жергиликтүү бийликтен айланада каңгып жүргөн кабыландар боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүүнү талап кылышкан.

242
Белгилер:
олжо, ит, кабылан, Индия
Тема боюнча
Гепард, леопард, пантера... Жырткычтардын кыргызчасын атап беребиз
Автоунаалар Бишкек - ​​Ош трассасында бара жатат

Шейшембиге карата аба ырайы

0
22-июнга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас облусунда +22…+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын чөлкөмүндө +18…+23 градуска жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +34…+36, Чолпон-Атада +18…+20 градус ысыйт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, июнь, аба ырайы
Тема боюнча
Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы