UFC Вегас 28 турнириндеги кызыктуу кармаштардын видеосу

549
5-июндан 6-июнга караган түнү Лас-Вегаста (АКШ) аралаш мушташ боюнча UFC Vegas 28 турнири өттү. Башка мелдештер сыяктуу эле бул турнирде да кызыктуу кармаштар болду.

Турнирдин башкы беттешинде Жаирзиньо Розенстрайк (Суринам) бразилиялык Аугусто Сакаи менен кезигип, 1-раунддун аягында Розенстрайк атаандашын нокаутка кетирип жеңишке жеткен.

Андан кийинки башкы кармашта поляк Марчин Тыбура америкалык Уолт Харрис менен мушташып, ал да каршылашын техникалык нокаут менен жеңген.

549
Белгилер:
видео, аралаш мушташ, беттешүү, UFC
Тема боюнча
Казак мушкеринин күттүргөн жеңиши. UFC уюмунун жаңы турниринин видеосу
UFC Антонина Шевченко менен анын атаандашына бирдей гонорар берди

Чектөө киргизбейбиз. Улукбек Мариповдун видео кайрылуусу

278
(жаңыланган 19:52 24.06.2021)
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кыргызстандыктарга кайрылды. Ал коронавирус пандемиясы учурунда ар бир адам өзү жана жакындарынын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезиши керектигин эске салды.

Мариповдун айтымында, өкмөт массалык иш-чараларды эске албаганда чектөө киргизүүгө камынган жок.

"Ар бирибиз жакындарыбыздын ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезишибиз керек. Бул сиздердин коронавирус пандемиясы менен күрөшкө кошкон салымыңыздар болот. Биз 2020-жылдын июль айы кандай болгонун эсибизден чыгарган жокпуз. Ошол окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин санитардык нормаларды сактаганыбыздан айланадагы адамдардын саламаттыгы көз каранды. Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын жашоосун коркунучка кептебеңиздер. Эл көп топтолгон жерлерге, тойлорго барууну азайтыңыздар", — деди Марипов.

Өкмөт башчы вакцинаны биринчи кезекте улгайган адамдар алышы керектигин белгиледи. Ал ошондой эле өзү дагы жакында эмдөөдөн өтөрүн кошумчалады.

278
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, Улукбек Марипов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID: эмделер алдында антителого тест тапшыруунун зарылдыгы барбы
Министр: Кыргызстанда коронавирустун бардык штаммы болушу мүмкүн

"Россия сегодня" 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Видео

47
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги бүгүн 80 жылдыгын белгилеп жатат. Эл аралык алдыңкы медиагруппанын тарыхы 80 жыл мурда, Совинформбюро түзүлгөндө башталган.

Ондогон жылдардан берки убакыт аралыгында агенттиктин аталышы "Новости", РИА "Новости", "Россия сегодня" болуп өзгөрдү. Бирок журналистиканын жогорку деңгээли менен ишке болгон жоопкерчилик ошол бойдон калды.

"Россия сегодня" 200 шаарда иш алып барып, 32 тилде, күнү-түнү Россияда жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктар менен кабардар кылат.

47
Белгилер:
маалымат агенттиги, "Россия Сегодня" ЭМА
Тема боюнча
"Өздүгүн жашырууга аракет кылган". Facebook кимдин цензурасынан өтөт?
Москвадагы эл аралык мамилелер институту. Архив

Москвадагы эл аралык мамилелер институтуна сунушталган КР жарандары. Тизме

0
(жаңыланган 00:10 25.06.2021)
Талапкерлерди министрликтин Сынактык тандап алуу боюнча комиссиясы аныктап, алардын ЖРТда алган упайы жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыгы эске алынган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. КРдин Тышкы иштер министрлиги Эл аралык мамилелер боюнча Москва мамлекеттик институтуна кабыл алууга сунушталган кыргызстандыктардын тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалымат кызматы абитуриенттерди тандоо иши Россия менен Кыргызстандын ТИМинин ортосундагы кызматташуу программасынын алкагында жүргүзүлгөндүгүн билдирди.

"Сынактык тандап алуу боюнча комиссия ЖРТнын жана англис тили боюнча тестирлөөнүн жыйынтыктарын алды. Ошондой эле тандалган багыттар боюнча эң жогорку баллга ээ болгон талапкерлердин тизмесин бекитти", — деп айтылат маалыматта.

Талапкерлердин тизмеси

Бакалавриат

  • Абдымаликова Айзада Абдымаликовна (багыты эл аралык мамилелер)
  • Чалбаев Ильдар Уланбекович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Абылгазиева Айша Таалайбековна (багыты чет өлкөлүк аймак таануу)
  • Эрматова Саадат Сэйитбековна (багыты юриспруденция)
  • Мукаева Бермет Айдарбековна (багыты юриспруденция)
  • Маликова Дарин Маликовна (багыты экономика)

Магистратура

  • Бердиев Арген Равшанович (багыты эл аралык мамилелер)
  • Караева Айжана Мааданбековна (багыты юриспруденция).
0
Белгилер:
тизме, талапкер, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
МГИМО кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алат. Шарт-талабы
Кыргызстандын 10 мыкты бүтүрүүчүсү тандап алган окуу жайлар
Россиялык университет кыргызстандык студенттерди кабыл алууда. Шарт-талабы