Суу сымал аккан жалын. Фаградальсфьядль жанар тоосунун видеосу

Жазылуу
Фаградальсфьядль деп аталган жанар тоонун бул күнгө чейин бир нече видеосу тараган, бирок азыркы кадрлар да адамды кайдыгер калтырбайт.
Кадрдан анын тоонун боорундагы таштарды эритип, топуракты эшилтип, арык сымал кылып агып бара жаткандыгын көрүүгө болот.
Эске салсак, вулкан 2021-жылдын 19-мартынан тарта атыла баштаган. Жанар тоо Рейкьявиктен түштүк-батышты карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан.
Исландияда жанар тоо жайгашкан жерди сатыкка коюшту. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Исландияда жанар тоо жайгашкан жерди сатыкка коюшту. Видео
2020-жылдын башында Гриндавик аймагында сейсмикалык активдүүлүк күчөп, бир жыл ичинде жер бир нече миң жолу титиреген. Ал 2021-жылдын февралында эң көп учурга жетип, бир суткасына 5 миң ирет силкинген. Ал эми күчү 5,6 баллга жеткен.
Мартта силкинүү кескин азайып, изилдөөлөрдө көрсөткөндөй, триггердик деп аталган жер титирөө жаралган. Окумуштуулар анын магма каналынын басымынан улам пайда болорун айтышты. Мындай процесстер бир нече ирет кайталанып, 2021-жылдын 19-мартында вулкан ойгонгон. Ал азыркыга чейин атылып келет.
Жаратылыштын бул кубулушу аталган аймакка миңдеген туристтерди тартууда. Ал тургай анын фонунда клип тарткан музыканттар да чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0