Камера көтөргөн оператор жөө күлүктөрдөн озуп, таң калтырды. Вирустук видео

7644
(жаңыланган 19:30 10.06.2021)
Жүз метрлик аралыкка чуркаган спортчулардан ашып кеткен оператордун видеосу социалдык тармактарда жайылууда.

Окуя Кытайдын Шаньси провинциясында өткөн университеттердин арасындагы жеңил атлетика боюнча чемпионатта болгон. Видео TRT телеканалынын Facebook баракчасына жарыяланган.

Жакшы кадрларды алуу үчүн оператор жөө күлүктөр менен кошо чуркоону чечип, көрүп тургандарды таң калтырган. Видеодон көрүнүп тургандай, төрт килограммдык камерасын көтөргөн жигит спортчулардын алдына туруп чуркап, ылдамдыгын азайтпай марага чейин келген.

Ролик кеңири тарап, жигиттин күлүктүгүнө суктангандар көп болууда. Көпчүлүк жарышты дал ушул оператор утуп алды деген пикирде.

Пайдалануучулардын бири видеонун каарманы кийинкиде мелдешке кадимки спортчу катары чыгышы керектигин белгилеген.

7644
Белгилер:
социалдык тармак, видео, камера, жөө күлүк, оператор, Кытай, жарыш
Тема боюнча
Алыстан дарбазанын бош бурчуна тээп. Май айындагы мыкты голдун видеосу

Согончогу менен гол киргизген футболчу. Бразилияда тартылган видео

78
(жаңыланган 10:32 23.06.2021)
Бразилиядагы футбол боюнча чемпионатта "Фламенго" жана "Брагантино" командаларынын ортосундагы мелдештин бешинчи турунда футболчу топту дарбазага согончогу менен киргизди.

Өзгөчө топту оюндун 12-мүнөтүндө "Брагантино" командасынын коргоочусу Адерлан де Лима Силва киргизген. Айып талаадан берилген топту дарбазанын тушунан согончогу менен тээп гол жараткан.

Оюн "Брагантино" командасынын пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Акыркы голду аталган команданын футболчулары соңку мүнөттөрдө киргизишкен.

30 жаштагы Адерлан де Лима Силва команданын оң жактагы коргоочусу. Ал 2021-жылы клуб менен эркин агент катары келишим түзгөн. Ага чейин "Брагантино" командасында макулдашуунун негизинде маал-маалы менен ойночу.

78
Белгилер:
видео, гол, чемпионат, Бразилия
Тема боюнча
Башын мыкчып... Гаитинин дарбазачысы өзүнө гол киргизип алган видео
(13:11 / 103.61Mb / )

Путин белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду. Видео

70
(жаңыланган 20:18 22.06.2021)
Мындан так 80 жыл мурда фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салган. Россиянын лидери Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Россиянын президенти Владимир Путин Москвадагы Александровский багындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл койду. Иш-чарага согуштун ардагерлери катышты.

Россия 22-июнда Улуу Ата Мекендик согуштун башталышын эскерет. Өлкөнүн бардык аймактарында эскерүү иш-чаралары уюштурулат.

70
Белгилер:
эскерүү, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, Россия
Тема боюнча
Кыргызстан жөнөткөн акча 186 учакка жетмек. Улуу Жеңишти жакындаткан жардам
"Дат баскан" тарых. Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу уламыштар
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

0
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

0
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү