Макгрегор менен Порьенин жакында болчу беттешине арналган видео

Жазылуу
UFC өзүнүн YouTube каналына Дастин Порье менен Конор Макгрегордун боло турган үчүнчү беттешине арналган проморолик чыгарды.
Мушкерлер 11-июлда Лас-Вегаста өтө турган UFC 264 турниринде беттешет. Алардын октагондо жолугушуусу аталган иш-чаранын башкы окуясы болот.
Буга чейин Порье атаандашы Макрегор менен кармашуу үчүн титулдук беттештен баш тартканы анык болгон. Ал Хабиб Нурмагомедов кеткенден кийин бошогон жеңил салмактагы орун эле.
UFC 257 мелдешинде Конор Макгрегорду уткан Дастин Порье. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2021
Порьенин жубайы Жолинин утулган Макгрегордон кабар алган видеосу чыкты
Кийинчерээк чемпиондук титулду бразилиялык Чарльз Оливейра атаандашы Майкл Чендлерди жыга коюп жеңип алган.
Дастин Порье менен Конор Макгрегордун биринчи кармашы 2014-жылы сентябрь айында болгон. Анда Макгрегор атаандашын биринчи раундда жеңип чыккан. Экинчи кармаш 2021-жылдын январында өтүп, Порье техникалык нокаут менен уткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0