45 метрден тебилген гол менен дарбазачы кошо кирип... Евро–2020нын видеосу

Жазылуу
Чехиянын курама командасынын чабуулчусу Патрик Шик Европа чемпионатынын тарыхындагы суктанарлык голдордун бирин киргизди.
Кечээ Чехия Шотландияны Евро–2020нын алкагында өткөн тайпалык этаптын биринчи турунда жеңип алып, эсеп 2:0 менен аяктады. Биринчи таймдын аягында Шик топту атаандаштарынын дарбазасына башы менен уруп киргизген.
Оюндун 52-мүнөтүндө чехтер чабуулду күчөткөн. Шик каршылаш оюнчулардын дарбазачысы ордунан алысыраак турганын байкап, топту талаанын борборунан туруп тепкен. Видеодон көкөлөп учуп барып, дарбазанын темиринин астынан топ да киргенин, артынан чуркап күүлөнүп токтоно албай дарбазачы да кошо кирип кеткенин көрүүгө болот.
​Оюнчунун голду 45,44 метр аралыктан киргизгени маалым болду. Ошентип, бул Европа чемпионатындагы кеминде 1980-жылдан берки эң алыстан киргизилген топ болуп калды. Мурдагы рекордду немец Торстен Фрингс (35,3 метр) койгон. Лидерлердин үчтүгүндө 1996-жылы 31,27 метрден атаандаштарынын ичин күйгүзгөн Владимир Бесчастных да бар.
​Футбол боюнча Европа чемпионаты былтыр жай айында өтүшү керек болчу, бирок пандемиядан улам аны 2021-жылга жылдырган. Матчтар 11-июлга чейин Европанын бир нече шаарларында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0