Министр милициянын айнектен жасалган кеңсесин салтанаттуу ачты. Видео

Жазылуу
Бүгүн Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында милициянын жаңыланган бөлүмү ачылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Айнектен жасалган кеңсенин ачылышына ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, Бишкек ШИИББдин жетекчиси Азамат Ногойбаев, ИИМдин коомдук кеңешинин жетекчиси Ялкун Даутов жана башкалар келишти. Иш-чарага параддык форма кийген катардагы милиционерлер дагы катышты.
Милициянын ушул жердеги мурдагы пунктун (ал алда канча кичинекей болчу) 2020-жылдын октябрь окуяларында өрттөп кетишкен.
Ниязбеков объектиге капиталдык ремонт жасалып, жарандарды кабыл алууга, иштөөгө бардык шарттар түзүлгөнүн айтты. Мындан сырткары, туристтик милицияга демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 10 электробайк берилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0