Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео

315
(жаңыланган 13:46 22.06.2021)
Алтайда жаш илбирс тоо башын чалып жүрүп, видеокапкан катары орнотулган камераны жыттап, тиштегилеп, аз жерден чайнап кое жаздаган.

"National Geographic Россия" сайты жырткычтын ысымы Карагай экендигин, ал Чихачев тоо кыркасын байырлаарын жазды.

Биринчи ирет январь айында илбирс техниканын жанынан өтүп кеткен. Ал жердеги чоң таштын түбүнө келип жыттагылап, андан ары жолун улаган.

Ал эми эки айдан кийин келгенде жөн кетпей атайын кайрылып, техниканы карап, жыттап, тиштегилеп, ал тургай кемирип да көргөн. Бирок видеокамера жырткычтын "кол салуусун каармандык менен көтөрүп", "тирүү" калган. Ал тургай видеого тартуусун уланта берген.

Камерадагы башка видеолорду адистер текшерип, Карагай ал жерди көп чабыттаарын байкашкан.

Маалыматта ошол аймакты дагы бир картаң илбирс көп кыдырып жүрөрү, бирок ал эмнегедир камерага такыр эле түшпөгөндүгү айтылган.

315
Белгилер:
Россия, Алтай крайы, илбирс
Тема боюнча
Зым карагайдын башына чыгып кеткен аюунун видеосу

UFC Шевченко чыга турчу беттештин проморолигин жарыялады

14
Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн YouTube-каналына Валентина Шевченко менен каршылашы Лорен Мерфи чыга турчу беттештин проморолигин жарыялады.

UFC 266 мелдеши 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Анда Шевченко Мерфи менен кез келип, чемпиондук наамын алтынчы ирет коргомокчу.

"Эркектер менен аялдардын арасында Валентина Шевченко дүйнөдөгү эң мыкты жана чебер мушкерлердин бири. Ал укмуш! Ал чемпиондук курун тагынгандан бери эч бир мушкерге мүмкүнчүлүк бербей келет", — деген видеонун авторлору.

Ата мекендик спортчу видеодо ага өз позициясын бекем кармап турганы дем берерин белгилеген.

"Мен Валентина менен беттешүүгө татыктуу болгон үчүн бул кармашка чыкканы турам. Мен башка атаандаштарына караганда көп нерсе кылдым", — деген америкалык спортчу.

Шевченко менен Мерфинин беттешин көрсөтө турган телеканал жана сайттардын тизмесин шилтемени ачып көрүңүз.

14
Белгилер:
UFC, Валентина Шевченко, Лорен Мерфи, ролик, турнир
Тема боюнча
Шевченко атаандашы Мерфиге муш кезеп... Көз караштар таймашынын видеосу
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео
Шевченко менен Мерфинин беттешин кайсы сайттардан көрсө болот. Тизме

Буйволду үйүрү арстандардан куткарган видео

88
Жаракат алган буйвол аз жерден арстанга жем болуп кала жаздады. Бирок үйүрүндөгүлөр аны куткарып калганын туристтер видеого тартып алган.

National Geographic сайты жазгандай, видео Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркында тартылган. Африкадагы буйволдор күчтүү келгендиктен адатта арстан кол сала албай турганы белгиленет. Бул ирет туристтер өзгөчө учурга туш болушту.

Башында арстандар бир буйволду кармап алышкан, бирок аны үйүрү куткарып кетүүгө үлгүргөн. Муну менен эле токтоп калбай алар тирешин уланткан. Ортодо бир буйвол бийигирээк жерден көтөрүлөм деп буту тыгылып калып, арстандарга жем болуп калайын дегенде, үйүрү жырткычтарга айбат көрсөтүп куткарып калган. Натыйжада буйволдор аман-эсен өз аймагына кеткен.

88
Белгилер:
Түштүк Африка Республикасы, буйвол, арстан, үйүр, видео
Тема боюнча
Тап берип, сүр көрсөтүп. Буйволдун кабыландын баласын коргогон видеосу
Баласын коргоп арстанды айланта, кабыланды каардана кууган буйволдун видеосу
Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания (ИИХФ) боюнча президенти Рене Фазель. Архивдик сүрөт

Кыйкырып жиберди... IIHF уюмуна вице-президент болгон Оморовдун реакциясы видеодо

0
Кыргызстандык спортчу эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Интернет айдыңына эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания (ИИХФ) боюнча вице-президенти болуп шайланган Айваз Оморкановдун шайлоо жыйынтыгына кубанып кыйкырып жиберген видеосу тарады.

Шайлоо бүгүн, 25-сентябрда, Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Спорттук порталдардын жазганына караганда, жеңишине кубанган Оморканов кыйкырып жиберип уюмдун мурдагы жетекчиси Рене Фазелди чочутту.

0
Белгилер:
федерация, хоккей
Тема боюнча
Кыргызстандык Оморканов эл аралык хоккей федерациясына вице-президент болуп шайланды
Сүрөй албасак да сүйө алдык. Спорт державасына айлануунун жолу