Microsoft жаңы Windows 11ди көрсөттү. Видео

Жазылуу
Microsoft корпорациясы Windows 11 жаңы операциялык версиясынын бет ачарын өткөрүп, коомчулукка көрсөттү.
Маалыматта ал жалпы көрүнүшү жана тез иштей турганы менен айырмаланары айтылды.
Операциялык жаңы системанын дизайны да өзгөргөн. Роликке караганда "Пуск" менюсу дал ортосунда. Тиркемелер да борбордук бөлүктөн орун алган.
Виджеттердин жаңы чыккан версияларын көрүнүп тургандай кылып коюп алуу мүмкүнчүлүктөрү жаралган. Windows 11дин андан башка да бир топ жаңычылдыктарга ээ болгонун видеодон көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0