Бир эле анимацияны миң түрлүү кылып тарткан сүрөтчүлөрдүн эмгеги. Видео

90
(жаңыланган 19:31 26.06.2021)
Таанымал 3D-сүрөтчү Клинтон Жонс интернетте Alternate Realities аталышындагы челленджин жарыялады. Ал аниматор менен сүрөтчүлөргө өзүлөрүнүн стилинде бир эле анимацияны тартууга чакырган.

Жонстун баштапкы видеосунда киши бир нерсени сүйрөп баратканын көрүүгө болот. Ал бир караганда адамдын жашоодо тарткан түйшүгүн чагылдырып тургандай сезилет. Бул челленджи 2,4 миң аниматор колдоп, алар башкы каарманды ааламдан да тыш планеталарда жүргөнүн көрсөтүшкөн. Эң мыкты 100 эмгекти Клинтон Жонс бир видеого бириктирген.

90
Белгилер:
челлендж, видео, анимация, сүрөтчү
Тема боюнча
Секирип, чайпалып бийлеген роботтор. Шаңдуу видео
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео

Күрмөсүн куюнга чечтирип жиберген футболчу. Боливияда тартылган видео

102
Боливияда футболдук беттеш башталар алдында күтүүсүздөн оюн талаасынын чаңын сапырган куюн башталып, оюнчулардын биринин күрмөсүн чечип кеткен.

Окуянын видеосун The Guardian өзүнүн YouTube-каналына жарыялады.

Окуя Ахокалла шаарында өтүп жаткан футболдук оюн учурунда болгон.

Кадрдан көрүнүп тургандай, командалар беттеш алдындагы саламдашуу маалында куюн күтүүсүздөн келген. Оюнчулар туш-тарапка качкан. Ага карабастан шамал спортчулардын биринин күрмөсүн жулуп кеткен.

Окуядан улам беттеш бир аз убакытка үзгүлтүккө учураган.

102
Белгилер:
видео, куюн, беттешүү, футбол, Боливия
Тема боюнча
Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу
Асманга кеткен жол сымал. Кытайдагы таңгалдырган куюндун видеосу

Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

146
(жаңыланган 17:26 24.07.2021)
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

146
Белгилер:
рекорд, тик учак, балбан, Башкырстан, Россия
Тема боюнча
Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео
Сууга түшкөн балдар. Архивдик сүрөт

Күн кайрадан ысыйбы? Бир жумага аба ырайы

0
Синоптиктердин маалыматына караганда, аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болот. Экинчи жарымында айрым жерлерде өткүн өтүп, ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал жүрөт.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаары

Борбор калаада 30-июлда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Калган учурда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 27-июлда күндүз 14 метрге жетиши күтүлүүдө.

Чүй облусу

Апта бою негизинен күн ачык болот. Болгону 30-июлда күндүз жана 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал.

Талас облусу

Талас өрөөнүндө жуманын көпчүлүк күндөрүндө күндүн көзү бузулбайт. Анткен менен аптанын аягында шамал болору күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 29-30-июлда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда аба ырайы бирдей болору божомолдонууда. Аптанын басымдуу бөлүгүндө күн ачык болуп, 30-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. 31-июлда түнкүсүн көпчүлүк райондордо, күндүз тоолуу аймактарда гана өткүн өтөт.

Ысык-Көл облусу

29-30-31-июль күндөрү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлүп жатат.

Нарын облусу

25-26-июлда жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 28-30-31-июлда кээ бир райондордо өткүн өтөт.

0
Белгилер:
ысык, аба ырайы, жай, Кыргызстан
Тема боюнча
Мээ кайнаткан ысык болобу? Августка карата аба ырайы