Жалал-Абадда алты киши "Хизб ут-Тахрир" уюмунан чыкты. Видео

192
(жаңыланган 12:09 30.06.2021)
Сузак районунун алты тургуну "Хизб ут-Тахрир" уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандар буга чейин туура эмес жолдо жүргөнүн моюндап, мындан ары мыйзамды сактоого сөз беришкен.

"Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында облус аймагында жыл башынан бери 10 адам каттоодон чыгарылган. Ошондой эле алты айда мектеп окуучуларына, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 381 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", — дешти милициядан.

Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы 551 адамды каттоого алган. Алардын ичинен 491 жаран "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

192
Белгилер:
экстремизм, уюм, Хизб ут-Тахрир, Жалал-Абад
Тема боюнча
Кара-Сууда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү кармалып, шериктери изделүүдө
Максатын билген эмеспиз. Көлдө эки киши диний-экстремисттик агымдан чыкты

Күрмөсүн куюнга чечтирип жиберген футболчу. Боливияда тартылган видео

74
Боливияда футболдук беттеш башталар алдында күтүүсүздөн оюн талаасынын чаңын сапырган куюн башталып, оюнчулардын биринин күрмөсүн чечип кеткен.

Окуянын видеосун The Guardian өзүнүн YouTube-каналына жарыялады.

Окуя Ахокалла шаарында өтүп жаткан футболдук оюн учурунда болгон.

Кадрдан көрүнүп тургандай, командалар беттеш алдындагы саламдашуу маалында куюн күтүүсүздөн келген. Оюнчулар туш-тарапка качкан. Ага карабастан шамал спортчулардын биринин күрмөсүн жулуп кеткен.

Окуядан улам беттеш бир аз убакытка үзгүлтүккө учураган.

74
Белгилер:
видео, куюн, беттешүү, футбол, Боливия
Тема боюнча
Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу
Асманга кеткен жол сымал. Кытайдагы таңгалдырган куюндун видеосу

Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

132
(жаңыланган 17:26 24.07.2021)
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

132
Белгилер:
рекорд, тик учак, балбан, Башкырстан, Россия
Тема боюнча
Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

0
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

0
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео