Алакандай болсо да арстандарга айбат кылып. Деңиз чаянынын жылмайткан видеосу

Жазылуу
Африкадагы жаратылыш коруктарынын биринен беш-алты арстандын алакандай болгон деңиз чаянына кызыгып, аны ээрчип алып, ар бири буту менен кезектеше түрткүлөп да жатканын көрүүгө болот.
"National Geographic Россия" сайты бул видеону Түштүк Африкадагы Мала-Мала жаратылыш коругунда туристтер тартып алганын жазды.
Адатта крабдар көлмөлөрдөн алыс чыкпай, ошол жерди байырлайт. Бирок бул сапар деңиз чаяны ийнинен алыстап, кумдун арасында калганы аз келгенсип, арстандардын "тамашасына" айланган.
Арстандарга жай бербей айласын кетирген таш баканын жылмайткан видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Арстандарга жай бербей айласын кетирген таш баканын жылмайткан видеосу
Корукта жүргөн туристтер алыстан байкоо салып жатып, арстандын жердеги белгисиз бир нерсени кызыгуу менен карап турганын көргөн. Жакындап келгенде ал кадимки эле краб болуп чыккан.
Алгач арстандардын улуусу кыбырап жүргөн жаныбарды карап, кызыгып, айбаттуу буттары менен ары-бери ала салдырып көрүүгө аракет кылган. Бирок көзүнө, кыязы, тоодой болуп көрүнгөн бул жырткычка алакандай болгон крабдын айбат кылганын видеодон көрүүгө болот.
Кызыгы кетип калдыбы, айтор, арстан бир-эки кадам басып барып, комдонуп жатып калган. Кийинки үйүрлөштөр да жөргөлөп жүргөн жаныбардын артынан кошо бир топ жерге чейин ээрчип барганы кадрга түшүп калган. Акыры алар да "мындан пайда жок" деген сымал кызыкчылыгын жоготуп, ошол жерге жай алып жатып калганы менен видео аяктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0