Ишин Баткенден баштайт. Өлкөгө келген 2 млн. долларлык автопоезддердин видеосу

Жазылуу
Кыргызстанга төрт заманбап мобилдик медициналык комплекс (автопоезд) алып келинди. Мында стоматология, гинекология, флюорография жана окулисттин кызматтары көрсөтүлөт.
Автопоезддер Жалал-Абад облустук ооруканасына жана Улуттук госпиталга берилди. Муну менен медиктер өлкөнүн түштүк жана түндүк региондорунун баарын тейлешет. Алды эртең Баткен облусунун калкынын ден соолугун текшергени жөнөп кетет.
ӨКМ 30 жылда биринчи ирет көп сандагы техникага ээ болду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
ӨКМ 30 жылда биринчи ирет көп сандагы техникага ээ болду. Видео
Автопоезддер эң алдыңкы заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Төрт техниканын жалпы наркы эки миллион долларды түзөт. Аны Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду "Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында гранттык негизде алып берди.
Долбоордун максаты — алыскы айылдар жана жашоо-шарты катаал аймактын тургундарынын дартын аныктоо жана оорулардын алдын алуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0