Филиппинде аскер учагы кулап, кеминде 29 адам көз жумду. Видео

107
(жаңыланган 17:47 04.07.2021)
Филиппинде аскер учагы кырсыктап, окуя болгон жерден тартылган видео интернетте пайда болгонун РИА Новости жазды.

Видеодон аба кемесинин сыныктарын, жалын, кара түтүндү көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, С-130 үлгүсүндөгү учак Холо аралындагы Сулу провинциясына кулаган. Филиппиндин коргоо министри Делфин Лорензанунун айтымында, кырсыктан кеминде 29 адам каза таап, 50дөй киши жабыркаган. Дагы 17 жарандын тагдыры белгисиз болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, учактын ичинде 92 адам болгон. Филиппиндин куралдуу күчтөр штабынын начальниги кырсыктын себеби катары учак учуп-конуучу тилкеге коно албай койгонун айтты.

107
Белгилер:
видео, өлүм, учак, кырсык, Филиппиндер
Тема боюнча
Японияда жер көчкөн ирмем видеого түшүп калган. 20дай киши изделүүдө
Дөңгөлөгү асманды карап калган. Казакстанда АН-2 учагы кулап түштү. Сүрөт

Лас-Вегаста өткөн UFC турниринин эң кызыктуу учурлары. Видео

357
Кечээ Лас-Вегаста UFC on ESPN 27 шоусу өтүп, негизги беттешке уюмдун жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Ти Жей Диллашоу менен Кори Сэндхаген чыкты.

UFC уюму YouTube каналына аталган турнирдин кызыктуу учурларын жарыялады. 

Диллашоу менен Сэндхагендин кармашы беш раундга созулуп, натыйжада экс-чемпион калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылды. 

Андан башка маанилүү беттеште Раулиан Паива Кайлер Филлипсти утуп алды. Ал эми Даррен Элкинс Даррик Миннерди экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңди.  

Кыз-келиндер арасындагы беттеште Мэйси Барбер Миранда Мэверикти калыстардын чечими менен утту.

357
Белгилер:
Лас-Вегас, видео, жеңүүчү, раунд, беттешүү, мушкер, UFC
Тема боюнча
ММА: Ысык-Көлдө 1000ге чукул мушкер катышкан дүйнө чемпионаты өтөт
Ысык-Көлдүн жээгинде пенчак-силат боюнча эл аралык мелдеш өттү. Сүрөттөр
Кыргыз мушкери муштум менен урушкан Hardcore FC мелдешинде чейрек финалга чыкты

Бири-бирин үйрөтүп. Тоту куштардын таш менен бастырылган капкакты ачкан видеосу

146
Сиднейде тоту куштар коомдук жайдагы фонтандарга сууга түшүп, таштандыдан жем издеген. Окумуштуулар бул жаныбарлар бири-бирине "жашоо тажрыйбаларын" үйрөтөрүн айтышкан.

Эзелтеден бери Австралиянын токойлорун жана кошуна өлкөлөрдү байырлаган чоң сары какаду канаттуусу (Cacatua galerita) шаар шартына тез көнүп кеткен канаттуу катары саналат. Бул тууралуу nat-geo.ru сайты жазып, видеосун чыгарды.

Сиднейде тоту куштар коомдук жайлардагы фонтандарга сууга түшүп, таштандыдан жем издеп калган.

Видеодон көрүнүп тургандай, алар таштанды салынуучу идиштердин оозун ачканды да жакшы өздөштүргөн. Канаттуулардын таштандыны чачкан көрүнүшкө нааразы болгон жергиликтүү эл идиштердин капкагын таш менен бастырып койгон. Чымчыктар мунун да жолун таап, акырындык менен ташты түртүп жерге түшүрүп, ал жердин чакчелекейин чыгарган.

146
Белгилер:
тоту куш, таштандылар сакталган жай, шаар
Тема боюнча
Жер тепкилеп бийлеген тоту куш таң калтырууда. Видео
Ойкуп-кайкып, суктандырып! Асман бетин бербеген жапайы тоту куштардын видеосу
Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу. Архивдик сүрөт

УКМК: Бишкектин вице-мэри кафе ээсинен пара алуу иши боюнча кармалды

0
(жаңыланган 10:38 26.07.2021)
Мэрия кызматкерлери Түгөлбай-Ата (Линейный) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. УКМК кафе кожоюнунан пара алды деген шек менен Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулун кармады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

23-июль күнү УКМК мэриянын алдындагы кызматтардын биринин өкүлүн кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүтүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

Билдирүүгө ылайык, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафенин ордунда калтыруу макулдашылган. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда кармалган.

"Кызматкерлер параны вице-мэр менен сүйлөшүп алып, талап кылып жатканы аныкталды. Кармалгандар бул ишке вице-мэрдин тиешеси бар экенин айтып, көрсөтмө беришти", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

24-июль күнү вице-мэр кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

0
Белгилер:
вице-мэр, УКМК, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Ошто студенттерден пара алууга шектелип камалган декан үй камагына чыкты
Ат-Башы акимчилигинен акча талап кылып опузалаган. Алдамчы "чекисттин" сүрөтү