ЖК депутаттары кезексиз жыйынды ачып кайра тарашты. Видео

307
(жаңыланган 10:53 05.07.2021)
Жыйынды алып барган вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев бүгүн-эртең комитеттин отурумдары болорун айтып, жыйынды жабык деп жарыялады.

Эл өкүлдөрү Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан.

Натыйжада төрага Талант Мамытов 5-июлдан 30-июлга чейин Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясына чакырган.

Жалпы жыйындар шаршемби, бейшемби күндөрү өтмөкчү.

Белгилей кетсек, регламентке ылайык, парламент 30-июнда каникулга тараган болчу.

307
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, кезексиз жыйын, мыйзам, чакыруу
Тема боюнча
ЖКнын маалымат кызматы депутаттардын эмгек өргүү төлөмү тууралуу үн катты

Инспекторлор маршрутка айдоочуларынан жол эрежесин сурады. Кооптондурган видео

109
(жаңыланган 17:47 05.08.2021)
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору Бишкектеги маршрутка айдоочулары канчалык деңгээлде жол эрежесин билерин текшеришти.

Башкармалыктын маалымат кызматы аталган ролик аварияларды алдын алуу иштеринин алкагында тартылганын белгиледи. Инспекторлор каттамдын аягында токтоп турган айдоочуларга барып жол белгилерин көрсөткөн. Мындай "экзаменди" таксисттерден да алышкан.

Анда айдоочулар жол эрежесин билбей турганын моюндап, кээ бири унутуп калганын айтты. Айрымдары "негизги жол" жана "жол бошотуп бер" деген белгилерди да билбей койду.

ЖКККББ бир гана 1987-жылдан бери унаа айдап жүргөн киши бардык жол белгилерин туура айтканын белгиледи. Калгандарына инспекторлор окуп-үйрөнүүгө кеңеш берген.

Ошондой эле бул ролик айдоочуларды шылдыңдоо эмес, башкалар да көрүп эрежелерди кайталап окуп алышсын деген максатты көздөй турганын билдиришти.

Ведомство жакында видеонун экинчи бөлүгүн чыгарарын убадалады.

109
Белгилер:
ролик, инспектор, жол эрежеси, айдоочу, маршрутка
Тема боюнча
Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди

Мелдешке суусаган балдар. Көлдөгү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты видеодо

235
(жаңыланган 13:57 05.08.2021)
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында спорттун беш түрү боюнча "Биримдик — 2021" аталышындагы дүйнө чемпионаты башталды.

Спорттук иш-чаранын ачылышына Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Андрей Лактионов, Россиядагы "ММА - свободный поединок" уюмунун башчысы Василий Борисов, аталган уюмдун Кыргызстандагы төрагасы Константин Куценко, ONE FC уюмунун чемпиону Кямран Аббасов жана федерация өкүлдөрү катышты.

Алар спортчуларга ийгилик каалап, беттештерге старт берилди.

Кармаштар "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда жана ипподромдо болууда. Дүйнө чемпионатынын программасына ММА, жиу-житсу, грепплинг, самбо жана тай боксу кирген. Ага Россиядан жана Борбор Азиядан 500дөн ашуун спортчу келди.

Мелдештин максаты мамлекеттердин биримдигин чыңдоо жана ар бир мамлекеттин спорту дени сак улутту тарбиялоону көздөй турганын көрсөтүү болуп саналат.

Спорттук иш-чара 7-августка чейин созулат.

235
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы, чемпионат, спорт
Тема боюнча
Достукту чыңдап. Чолпон-Атадагы дүйнө чемпионатындагы салмакка түшүү учурунун видеосу
Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо
Кыргызстанец Фёдор Корнияш завоевал бронзовую медаль на Балканской математической олимпиаде среди юниоров

Кыргызстандык окуучу Балкан математикалык олимпиадасынан коло байге утту

0
Бул сынакка Кыргызстандын атынан Бишкектеги төрт мектептен алты окуучу катышты. Алар 22 мамлекеттен келген окуучулар менен жарышты.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкектеги №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасында коло медаль утту. Бул тууралуу өлкөнүн Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Олимпиада 1-июлда башталып, 4-июлда жыйынтыкталган. Ага бардыгы болуп 22 мамлекеттен 128 окуучу катышкан.

Кыргызстандык команданын курамы:

  • Абдумалик Турсунов, Келечек-MIT;
  • Актан Койчуманов, "Газпром-Кыргызстан" мектеби;
  • Максим Залепо, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи;
  • Нурсултан Эшперов, "Газпром-Кыргызстан" мектеби;
  • Станкулов Илим, United World эл аралык мектеби;
  • Фёдор Корнияш, №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейи.
0
Белгилер:
Кыргызстан, олимпиада, окуучу, мектеп