Баткак соруп бараткан пилди адамдар куткарып калды. Окуянын сүрөт, видеосу

162
Кениядагы Исиоло округунун аймагында баткакка бүт денеси менен батып кеткен пилди ошол жердеги адамдар сууруп чыгып, өлүмдөн алып калды.

Окуяны жергиликтүү ветеринар-хирург Киран Эйвери айтып бергендигин "National Geographic Россия" сайты жазды.

Баткак улам соруп бара жаткан ургаачы пилди көптөп жатып сууруп алышкан. Анын сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланды.

​Ири жаныбардын капсалаңга кабылганын көргөн жергиликтүү эл жаратылышты коргоочуларга кабарлаган. Мындай окуяга күбө болуп жүргөн куткаруучулар трактор жана керектүү буюм-тайымдарды кошо ала келишкен. Алар пилди жазы курлар менен арчындап чыгышкан. Доктор Эйверинин айтымында, ыңгайын таап таңбаса, коркуп кеткен жаныбар чиренип же буттарын кергенде адамдар жаракат алып, ал тургай техника талкаланып да калышы мүмкүн.

​Алп жаныбарды куткаруу операциясы бир жарым сааттай созулган. Адистердин айтымына караганда, пил ал жерде бир суткадай жатып, баткак акырындап соро баштаган. Адамдар куткаргандан кийин пил түз эле үйүрүнө, токойду карай кеткен.

162
Белгилер:
Кения, пил, куткаруу, баткак
Тема боюнча
Алгач пилди коркутуп качырып, андан соң баласын көз ирмемде куткарышты
Саясатташкан айбанаттар. Желек "уурдаган" токой жаныбарынын видеосу

1 500 аскер катышууда. Россия менен Өзбекстандын аскердик машыгуусу видеодо

68
Россия менен Өзбекстан коңшу өлкөнүн Термез шаарындагы полигонунда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жатат.

Видеону Россиянын Коргоо министрлиги жүктөдү.

Күжүрмөн окуунун алкагында атайын даярдыктагы бөлүктөр Ми-171 жана Н-215 тик учактарынан секирип түшүп, "куралдуу топторду жок кылышты". Ошондой эле аскерлер 15 чакырымга жүрүш жасап, жолдо катар татаал сыноолордон өттү.

Машыгууга эки тараптан кеминде 1 500 миңдей аскер катышууда.

68
Белгилер:
Россия, Өзбекстан, Аскер, машыгуу, видео
Тема боюнча
Афганистанга жакын аймакта Тажикстан, Россия, Өзбекстандын машыгуусу башталды

Инспекторлор маршрутка айдоочуларынан жол эрежесин сурады. Кооптондурган видео

209
(жаңыланган 17:47 05.08.2021)
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору Бишкектеги маршрутка айдоочулары канчалык деңгээлде жол эрежесин билерин текшеришти.

Башкармалыктын маалымат кызматы аталган ролик аварияларды алдын алуу иштеринин алкагында тартылганын белгиледи. Инспекторлор каттамдын аягында токтоп турган айдоочуларга барып жол белгилерин көрсөткөн. Мындай "экзаменди" таксисттерден да алышкан.

Анда айдоочулар жол эрежесин билбей турганын моюндап, кээ бири унутуп калганын айтты. Айрымдары "негизги жол" жана "жол бошотуп бер" деген белгилерди да билбей койду.

ЖКККББ бир гана 1987-жылдан бери унаа айдап жүргөн киши бардык жол белгилерин туура айтканын белгиледи. Калгандарына инспекторлор окуп-үйрөнүүгө кеңеш берген.

Ошондой эле бул ролик айдоочуларды шылдыңдоо эмес, башкалар да көрүп эрежелерди кайталап окуп алышсын деген максатты көздөй турганын билдиришти.

Ведомство жакында видеонун экинчи бөлүгүн чыгарарын убадалады.

209
Белгилер:
ролик, инспектор, жол эрежеси, айдоочу, маршрутка
Тема боюнча
Көп катталып жаткан жол кырсыктардын себебин милиция санап берди
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

0
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды