Кумдан курулган эң ири сепил. Данияда тартылган видео

Жазылуу
Данияда кадимки эле кумдан курулуп, бийиктиги 20 метрден ашкан сепил Гиннестин рекорддор китебине катталды. Аны скульпторлор абдан кооз кылып тургузушкан.
Сепилге 5 тоннага чукул кум керектелген. Сүрөт тартып, кызыктуу элестерди түшүрүш үчүн Даниядагы мыкты деген 30 скульптор иштеген.
"Сепилден биздин жашоонун тарыхын чагылдырган эпизоддорду байкай аласыздар. Алардын арасында коронавирусту да көрсөттүк. Фрескада аталган илдет менен кантип күрөшүп жатканыбызды да чагылдырдык. Мунараны жакшылап карасаңыздар COVID-19дун элесин да табууга болот. Муну менен коронавирустун биздин планетага кандай таасир тийгизгенин айтып бердик", — деген долбоордун жетекчиси Жон Андерсен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от FAR TIL FIRE PIGER & LILLEBROR (@fartilfirepiger)

Сепил көпкө кармалып турсун деген максатта 20 метрлик курулуштун сыртына атайын клей сыйпап чыгышкан.
Кумдан ар кыл сепилдерди, ири фигураларды жасоо Даниянын улуттук салтына да кирет десек болот.
Эске салсак, мурдагы рекорд Германияда төрт жыл мурда коюлган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0