Муунтуп утуп алды. Казакстандык Жумагуловдун UFC уюмундагы жеңишинин видеосу

558
Беттеш биринчи эле раундда аяктады. Бир катар чалгындоо чабуулдардан соң казак мушкери атаандашын муунтуп салды.

Казакстандык атлет Жалгас Жумагулов UFC 264 мелдешинде америкалык Жером Риверону утуп алды. Бул Жумагуловдун промоушендеги алгачкы жеңиши.

Беттеш биринчи эле раундда аяктады. Бир катар чалгындоо чабуулдардан соң америкалык спортчу бутка киргенге аракет жасаган. Бул учурда казак мушкери кырдаалды туура пайдаланып, тик турган жерден атаандашын мойнунан кармап, муунтуп салды.

"Мен аябай сүйүнүп турам. Буга чейинки эки беттешим ийгиликсиз болгон. Менин өлкөмдө азыр эч ким уктабай, бул беттешти күтүп отуруп көрүштү. Мен элим үчүн таймаштым", — деген Жумагулов беттештен кийин.

Казак мушкери UFC уюмуна Fight Night Global лигасынан келген. Мындагы алгачкы эки таймашында ал жеңилүү ызасын тарткан.

Ultimate Fighting Championship (Абсолюттук мушкерлер чемпионаты) уюмунун UFC 264 ушу тапта АКШда өтүп жатат.

Башкы беттеште Дастин Порье менен Конор Макгрегор беттешет.

558
Белгилер:
Жалгас Жумагулов, жеңиш, UFC
Тема боюнча
Макгрегор менен Порьенин беттеши качан жана каяктан көрсө болот. Тизме

Күрмөсүн куюнга чечтирип жиберген футболчу. Боливияда тартылган видео

27
Боливияда футболдук беттеш башталар алдында күтүүсүздөн оюн талаасынын чаңын сапырган куюн башталып, оюнчулардын биринин күрмөсүн чечип кеткен.

Окуянын видеосун The Guardian өзүнүн YouTube-каналына жарыялады.

Окуя Ахокалла шаарында өтүп жаткан футболдук оюн учурунда болгон.

Кадрдан көрүнүп тургандай, командалар беттеш алдындагы саламдашуу маалында куюн күтүүсүздөн келген. Оюнчулар туш-тарапка качкан. Ага карабастан шамал спортчулардын биринин күрмөсүн жулуп кеткен.

Окуядан улам беттеш бир аз убакытка үзгүлтүккө учураган.

27
Белгилер:
видео, куюн, беттешүү, футбол, Боливия
Тема боюнча
Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу
Асманга кеткен жол сымал. Кытайдагы таңгалдырган куюндун видеосу

Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

83
(жаңыланган 17:26 24.07.2021)
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

83
Белгилер:
рекорд, тик учак, балбан, Башкырстан, Россия
Тема боюнча
Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео
Индияда басылбаган жаандын кесепети

Индияда басылбаган жаан менен жер көчкүдөн 138 киши каза болду

0
Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Индиянын Махараштра штатында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жер көчүп, каза болгондордун саны бери дегенде 138ге жетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Нөшөрлөгөн жамгыр токтобой, жер көчкү жүргөндүктөн 138 жергиликтүү жаран каза тапты. Мындан тышкары, 84 миң киши коопсуз жайларга көчүрүлдү", — деп жазылат кабарда.

Индиянын метеорологиялык бюросу Махараштра штатынын Мумбаи шаарында катаал аба ырайына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялады. Басылбаган жаандан улам электр энергиясы менен таза суу шаардыктарга берилбей калды.

0
Белгилер:
жаан, өлүм, жаратылыш, Индия
Тема боюнча
Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео