Акылдан алган бизнес… Порье менен Макгрегордун мушташтан кийинки сөзү. Видео

1768
(жаңыланган 16:09 11.07.2021)
UFC Russia өзүнүн YouTube-каналына Дастин Порье менен Конор Макгрегордун беттештен кийинки кыскача интервьюсун жарыялады.

Америкалык менен ирландиялык мушкерлердин таймашы кыска убакытта аяктады. Биринчи раунддун аяк ченинде Конордун буту сынып кетти. Дарыгерлер беттешти улантууга ага уруксат берген жок. Ошондуктан жеңиш Порьеге ыйгарылды.Беттештен кийинки маегинде Порье таймаштын башында атаандаштын лоукик (бутка тебүү) чабуулун тоскондо "кырс" деген дабыш чыкканын сезгенин айтты. Бул учур биринчи раунд бүтө электе болгон.

"Ошол тепкиде анын сөөгүнөн жарака кетти окшойт. Катуу тепкен болчу. Мага бир нерсе болгондой сезилди. Ошондо жарака кеткен болсо, кийин анын ошол бутуна оордук келгенде сынып кетти окшойт. Ал мени өлтүрүп саларын, октагондон сөөгүм чыгарын айтып күпүлдөгөн эле. Өлүм тууралуу сөздөрдү айтууга болбойт. Маселен, мен анын үй-бүлөсүнө жакшынакай болуп барышын каалайм", — деди Порье.

Мушкер беттеште үстөмдүк кылганын кошумчалады.

"Чынында ал мурдагы беттештегидей түз соккулары башыма тийип жатты. Мен аны байкабай да калып жаттым. Селдейе түшкөнүм менен ишенимдүү турдум. Тейкдаундарым ийгиликтүү болуп жатты. Ал менин мээлейимди илип алып, сокку урдурбай койду, муну мен калыска да айттым. Конор таза эмес оюн жүргүздү", — деген ал.

Беттеш жаракат менен аяктаганы капаланткан жокпу деген суроого ал "бирөөгө ор казсаң, тайыз каз" деген таризде жооп берди.

"Конор беттешке чейин эмнелерди гана айткан жок. Мен аларды этибарга албай эле машыгууну уланта бердим. Мындай боло берет. Мен аны уттум", — деп Порье сөзүн жыйынтыктады.

Макгрегор өз кезегинде атаандаштык муну менен бүтпөй турганын кыйытты.

"Мен аны бокста уруп  жаттым. Бутка катуу тептим. Ал болсо аралыкты кыскартуу үчүн дароо менин бутума жармашты. Беттеш муну менен бүтпөйт! Керек болсо октагондон сыртта да чечишип алам, мага эми баары бир. Ал менин бир да соккумду тосо алган жок", — деген ирландиялык мушкер.

Конор ошондой эле сөөгү шыйрагынан сынганына карабай бутуна турганын кошумчалады.

"Бул акылдан адаштырган бизнес… Каап, ушундай кырсык болуп кетти. Шайтан алгырдыкы десе", — деди мушкер.

Макгрегор ошондой эле беттештен кийин канваста (октагондун полу) отуруп, адатынча Порьенин жубайына байланышкан сөздөрдү да айтып жатты. Ага ачууланган америкалыкты командалаштары октагондон сыртка алып кетишти.

1768
Белгилер:
АКШ, Конор Макгрегор, Дастин Порье, UFC, беттешүү, комментарий
Тема боюнча
Дастин Порье утту. Конор Макгрегор бутун сындырып алган видео
Муунтуп утуп алды. Казакстандык Жумагуловдун UFC уюмундагы жеңишинин видеосу

Кудум кинодогудай! Кытайдагы шаарды кум каптаган видео

421
Асмандын дээрлик жартысын ээлегендей элес калтырган кум бороон Кытайдын Ганьсу провинциясы менен Цзюцюань шаарын бир нече мүнөттөрдө эле аралап кеткен.

Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун видеого тартып, социалдык тармакка таратып жиберген. Кадрдагы көрүнүш киши коркутпай койбойт.

Асмандын бетин бербей уюлгуган кум менен чаң шаарды тез эле басып калган. Маалыматтарда анын 10 мүнөт ичинде калаанын бир топ аймагын каптаганы айтылат.

Синьхуа агенттиги жол кыймылы буулуп, бир нече метрден кийин жол көрүнбөй калганын жазды.

Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес. Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан.

421
Белгилер:
кыймыл, кино, бороон, кум, Кытай
Тема боюнча
Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео

Көчөдөн баса калып... ИИМ "Женгонун" жан сакчысын кармаган видеону жарыялады

663
(жаңыланган 11:59 26.07.2021)
Ошто "Женго" деген каймана аты бар кримтөбөлдүн айдоочу-жан сакчысы кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 26 жаштагы М.А. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган, Ош шаарында мурда соттолгон. Ошондой эле Ош шаары жана облусу боюнча кримтөбөл "Женгонун" айдоочу-жан сакчысы экени айтылат. 

"Ал 10-июль күнү алдын ала сүйлөшүлгөн адамдардын тобу менен бейбаштык кылган. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, кол сумкасын тартып алган. Анын ичинде 1600 доллар жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча болгон", — деп айтылат маалыматта. 

Факт Жазык кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) менен каттоого алынган. Кармалган жаран Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

663
Белгилер:
кармоо, жан сакчы, Дженго, Ош шаары
Тема боюнча
Унаасын алып, 300 миң сом талап кылган. Ошто Женгонун жакын адамы кармалды
УКМК криминалдык авторитет "Дженгого" издөө жарыялады
Улуттук допингге каршы борбор дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова

Кермакунова: самын да спортчуну допинг колдонгондой көрсөтүп коюшу мүмкүн

0
Улуттук допингге каршы борбор" дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова Токио Олимпиадасына катыша турган кыргызстандык спортчулар кызытма колдонууга каршы күрөшүүдө бардык нормаларды толук аткарганын айтты.

Олимпиадага даярданууда 41 спортчу жана алардын машыктыруучулары, дарыгерлери Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) койгон талаптарына жараша кеп-кеңештерди алышты. Мындай маалыматты Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кермакунова: самын да спортчуну допинг колдонгондой көрсөтүп коюшу мүмкүн

Анын айтымында, аталган борбор Олимпиада оюндарына кеткен спортчулардын мелдешке чейинки убакта допинг колдонбогонуна кепилдик берет.

"Улуттук антидопинг борборунун" негизги иши - спортчуларды Токио Олимпиадасына даярдоо болду. Анын маанилүү бөлүгү спортчуларды маалыматтык жактан камсыздоого кетти. Анткени такталбаган кабарлар туура эмес тандоолорду, чечимдерди чыгарууга жол ачат. Ири спорттук мелдешке даярданууда 41 спортчу жана алардын машыктыруучулары, дарыгерлери, персоналдары Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) койгон талаптарына жараша кеп-кеңештерди алып, бардык нормаларды туура аткарышты. Допингге каршы санарип окуу системасынын базасында спортчулар тиешелүү эскертмелерди алып, окуудан өткөн соң атайын сертификатка ээ болушту. Спортчулар мелдешке кетер алдында ата-энеси, туугандары, достору менен жакындан кучакташып узатууга эки жума эрте тыюу салдык. Анткени бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз болгондуктан өбүшүп, кучакташып коштошуу көп кооптуулукту жаратышы ыктымал. Мисалы, эмоционалдык жактан алганда спортчу тыюу салынган заттарды колдонбогон учурда да гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, көрсөткүч тиешелүү ченемден ашып кетиши мүмкүн. Ал тургай Олимпиада учурунда допингге текшерүүдөн өтөр алдында колун самындап жууп алса да гормондор өзгөрүп, анализи туура эмес чыгып калуу коркунучу бар", — деди Кермакунова.

Ошондой эле адис спортчулар Олимпиадада ар бир деталга көңүл буруп, өзүн этият, тыкан алып жүрүүсү талап кылынарын кошумчалады.

0
Белгилер:
Нургүл Кермакунова, Улуттук антидопинг борбору, Токио, олимпиада
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Жоламан, Акжол, Атабек, Үзүр. Грек-рим күрөшүнүн балбандары Токиого аттанды