Чуркап, жытташып. Адамдар жашаган короодо ит менен ойногон аюунун видеосу

Жазылуу
АКШнын Вермонт штатынын тургуну Женн Саржент короосунда видеокөзөмөлгө түшүп калган өзгөчө окуянын видеосун жарыялады. Анда кадимки аюу менен овчарканын ары-бери чуркап, ойноп жатканын көрүүгө болот.
"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, ит короого келген аюудан коркпой, аны айланып-тегеренип ойной баштаган. Жаныбарлар бири-бирин кубалап, жытташып, айтор, "оюну" болжол менен жети мүнөткө созулган.
Бактыга жараша, эки жаныбардын жолугушуусу жакшы аяктап, эч ким жабыркаган эмес. Кокустан короо кайтарган ит аюуну тиштеп алганда жырткыч үй жаныбарын оңой эле өлтүрүп коймоктугу жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0