Афганистан азап чеккен өлкөгө айланып баратканда. Видео

Жазылуу
Афганистандын миңдеген жашоочулары согушкерлердин "Талибан" кыймылынын чабуулунан улам үйлөрүн таштап, коопсуз жайдагы чатырлар тигилген лагерде баш калкалап турушат.
Согушкерлер аталган өлкөдөн америкалык аскерлер чыгып кеткен соң күчү жеткен аймактарды каратып алууда. Бул өзгөчө түндүк жакта катуу жүрүп жатат.
"Кыштагыбызды курчап алышты. Колубуздан эч нерсе келген жок, талибдер үйлөрүбүздү басып алды. Балдарыбыз менен кошуп чыгарып коюшту, эч нерсебиз жок отурабыз", — деп айтып берди жергиликтүү тургун Биби Заинаб.
Качып, лагерде баш калкалап тургандар суу, тамак-аш жана медициналык жардам жок экендигин айтышууда.
Афганистандын улуттук армиясынын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Афган бийлиги талибдердин чалгындоо тобунун башчысын жок кылдык деп билдирди
"Биринчилерден болуп мындай абалга кабылганбыз, бизди бул жакка жайгаштырышкан, бирок эч кандай жардам ала алган жокпуз. Аты-жөнүбүздү жазып кеткен болот, бирок алардын деле бизге берер эч нерсеси жок. Азык элдин жарымына гана жетип жатат, абал өтө жаман", — деди Шафи Гул.
Талибдердин бул кадамдарына Вашингтон тынчсызданганы менен АКШ афган бийлигине өлкөнү коргоо үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну сунуштады.
"Алардын активдешүүсүнө мезгил келип жетти", — деген Пентагондун мааламат катчысы Жон Кирби.
Талибдер Афганистандын 80 пайызын ээлеп алгандыгы боюнча жар салууда, ал эми расмий Кабул бул билдирүүнү четке какты.
Жаңылыктар түрмөгү
0