Робот "тууганына" байкоо салып, таңгала караган пилдин видеосу

Жазылуу
Аптаптуу жайда сууга үйүрү менен келген пил көлмөнүн ортосунда робот-пилди бир нече убакытка чейин кызыгып карап, тумшугу менен "сыйпалап" көргөн. Айланчыктап, берки белгисиз "жаныбардан" жооп алууга аракет кылган.
John Downer Productions студиясынын адистери кезектеги экспериментин жасап, жаратылыштагы ири жаныбарлардын бири – пилдерге байкоо салган. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты маалымдады.
Алар салмагы 100 килограммга чукул кичинекей робот-пилди сууга кое берип, каректерине микрокамера орнотуп коюшкан. Анын жардамы менен окумуштуулар өздөрүнө керектүү маалыматтарды топтой алса, ал эми операторлор үчүн табылгыс кадр болгон.
В Японии страшные роботы-пугала отгоняют медведей — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2020
Аюуларды коркутат дешти. Үрөйдү учурган роботтордун видеосу
Ошентип токойдун ортосунда суудан "пилдин баласы", ал эми кургактан робот-канаттуу алп жандыктардын жашоосуна байкоо салган. Кадрдан көлмөгө келген пилдердин үйүрүнөн бирөө роботко жакын келип, байкоо салып, ал тургай узун тумшугу менен түрткүлөп, жыттап, көпкө карап турганын байкоого болот. Белгисиз "тууганы" хоботун кыймылдаткандан башка жооп кылбагандан кийин акырындап алыстап, сууга чумкуп, бадалдардын жакын өскөн бутактарын жулуп, андан соң жолун улаган.
Жээктен кургакка орнотулган робот-чымчыкка да байкоо салып, жыттап, жанынан өтүп бара жатып тебелеп кеткен. Серүүндөп бүткөндөн кийин пилдердин кайра артка куйрук улаш кайтып бара жатканын эки "тыңчы" видеого тартып алган.
John Downer Productions мындай "тыңчылык" программасын асмандагы, кургактагы жана суу алдындагы бир топ жандыктарга арнаган. Алардын баары көргөн кишини кайдыгер калтырбаган кызыктуу роликтер.
Жаңылыктар түрмөгү
0