Россиялык YouTube блогердин Кыргызстанга суктанып таң калган видеосу чыкты

Жазылуу
Россиялык YouTube блогер Лариса Булина Кыргызстанда тартылган кезектеги видеосун чыгарды. Ал өлкө аймагында кандай саякаттаганын көрсөтүп берген.
Лариса Нарын облусунун Көл-Суу көлүнө жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгине барган. Андан ары Караколду кыдырып, салттуу тамагы ашлям-фу жеп кайткан. Блогер туристтик сезон ачыла электе жазында келген, бирок ошондо дагы чет элдик туристтерди кезиктире алган. Роликтин аягында Кыргызстанга саякаттаган дагы башка видеолору чыгары жазылган.
Буга чейин Лариса Бишкекке келип, калаанын жана тургундардын өзгөчөлүктөрү тууралуу тартып кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0