Гаджетти манжа менен кубаттай турган каражат ойлоп табылды. Видео

Жазылуу
Америкалык окумуштуулар манжага чаптап койсо, андагы энергияны алып гаджетти кубаттоочу каражат жасашты.
Сан-Диегодогу Калифорния университетинин адистери иштеп чыккан бул каражатты бардык манжанын учуна чаптаса болот. Бул тууралуу SlashGear басылмасы жазды.
Кол тердеп же кыймылга келгенде ал энергия алат дагы кийин гаджетти кармаганда аны кубаттайт.
"Атургай бул каражат адам уктап жатканда же кыймылсыз отурганда деле өзүнө энергия топтой алат", — деп жазылат кабарда.
Окумуштуулардын айтымында, адамдын манжаларында темир элементи көп болгондуктан дененин башка бөлүктөрүнө караганда энергия дагы көбүрөөк болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0