Хабибдин досу башкы беттешти жеңди. UFC турниринин урунттуу учурлары видеодо

Жазылуу
Лас-Вегаста (АКШ) UFC on ESPN 26 турнири болуп өттү. Уюмдун YouTube каналына спорттук иш-чаранын урунттуу учурлары жарыяланды.
Жеңил салмак категориясында негизги беттешке Ислам Махачев менен Тиаго Мойзес чыкты. Махачев төртүнчү раундда атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.
Ислам Махачев UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун бала кезинен бери чогуу өскөн жакын досу экени белгилүү.
Роликте башка мушкерлердин да октагондогу кызыктуу учурлары камтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0