Меркелдин мантияны кие албай бир топко убара болгон видеосу

658
Германиянын канцлери Ангела Меркель АКШдагы Жон Хопкинс университетинин ардактуу доктору наамын алып, сыйлык тапшыруу аземинде ыңгайсыз абалга туш болду. Окуянын видеосун RT телеканалы жарыялады.

Университеттин сайтында жазылгандай, окумуштуулук даража Меркелдин АКШга болгон расмий сапарында ыйгарылган. Сыйлык тапшыруу аземи Вашингтондогу эл аралык изилдөө мектебинде болгон.

Окуу жайдын президенти Рональд Дэниэлстин айтымында, университет наамды канцлердин Германияда демократиянын сакталышына салымын кошконун баалап, ыйгарган.

"Меркель өлкөдө улутчулдук жана изоляция күчөп турган маалда да адам укугун ачык коргогон", — деген ал.

Диплом менен мантияны Меркелге окуу жайдын президенти өз колу менен тапшырган. Дал ошол сыйлык тапшыруу аземинде канцлер менен Рональд Дэниэлс бүтүрүүчүнүн лентасын тага албай бир топко чейин убара болуп, аягында аны Меркелдин мойнуна жөн эле илип коюшкан. Ыңгайсыз абалга калган Германиянын саясатчысы мындай кийимди кие албай турганын белгилеген.

658
Белгилер:
Ангела Меркель, окуу, окуу жай, АКШ, видео, сыйлык
Тема боюнча
Трибунага бет кабын унутуп алдастаган Меркелдин видеосу 3 млн. ирет көрүлдү

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

18
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

18
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!

Аскар Акаев УКМКдан чыкты. Видео

715
(жаңыланган 20:09 02.08.2021)
2-августта КРдин мурдагы президенти Аскар Акаев Бишкекке учуп келген. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келишкен.

"Кумтөр" долбоорунун иши боюнча Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге коррупция беренеси менен издөө жарыяланган.

Тагыраагы, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаевдин дагы бар экенин айткан.

715
Белгилер:
Аскар Акаев, Кыргызстан, УКМК, Кумтөр, сурак
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга келди: азыр эмне болуп жатат. Тексттик баяндама
Акаев учактан түшүп келе жаткан сүрөт. "Манас" аэропортундагы бүгүнкү ирмем