Кыргыз мушкери муштум менен урушкан Hardcore FC мелдешинде чейрек финалга чыкты

Жазылуу
"Кыргыз" каймана аты бар Самат Абдырахманов буга чейин башкыртстандык Вячеслав Орловду нокаутка кетирип утса, андан кийин Анатолий Скрыпникти эсинен тандырып жеңген.

Кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов мээлейсиз, муштум менен урушкан Hardcore Fighting Championship уюмунун Гран-при мелдешинин чейрек финалына чыкты. Анын 8/1 этабында россиялык Гор Туманянды уткан беттешинин видеосу уюмдун YouTube каналына жарыяланды.

UFC тизелеп эстен тандыра тепкен нокауттарды топтоду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
UFC тизелеп эстен тандыра тепкен нокауттарды топтоду. Видео
Экинчи бөлүктөгү таймаштан кийин атаандашы беттешти улантуудан баш тарткан. Анын көзүнө сокку тийип, шишип кеткен.

Самат Абдырахманов буга чейин башкыртстандык Вячеслав Орловду нокаутка кетирип утса, андан кийин Анатолий Скрыпникти эсинен тандырып жеңген.

Hardcore Fighting Championship уюмунун экинчи сезонунда ар кайсы салмак категориялары боюнча тандалма мелдештер өтөт. Финалга чыккандар Гран-при үчүн ат салышат. Биринчи орунду алган спортчуга — BMW автоунаасы, экинчиге — бир миллион рубль, үчүнчүгө 500 миң рубль берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0