Жаңы кол кармашкан жуптар сүрөткө түшөбүз деп "жол кырсыгына кабылды". Видео

602
Жол кырсыктарын алдын алуу багытында Талас милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы ролик тартты. Анда каргашанын бирден-бир себеби уюлдук телефонго алаксуу экени белгиленет.

Видео Ички иштер министрлигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Ушул жылдын беш айында Ысык-Көл облусунун жолдорунда 144 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 30 адам каза болсо, 279у жаракат алган.
© Видео / Facebook/ Ички иштер министрлиги / Министерство внутренних дел
Видеодон үйлөнө турчу жаштар сейилдөөгө чыгып, колукту унаадан белин чыгарып сүрөткө түшүп, аны сүйүктүүсүнө көрсөтүп жатканда жол кырсыгына кабылганын көрүүгө болот.

Талас милициясы жол кырсыктарга унааны катуу ылдамдыкта жана мас абалда айдоо, жолдогу белгилерге көңүл бурбоо, ошондой эле уюлдук телефонго алаксуу себеп экенин белгилейт.

Буга байланыштуу милиция айдоочуларды жолдо этият болуп, жоопкерчиликти сезүүнү эскертти.

602
Белгилер:
ролик, жол кырсык, милиция, Талас
Тема боюнча
Бишкекте түндө жеңил унаалар кагышып, төрт киши жабыркады. Сүрөт
Кыргызстанга көп келчү. Өзбекстандык мушкер Хантураев жол кырсыгынан мерт болду

Күрмөсүн куюнга чечтирип жиберген футболчу. Боливияда тартылган видео

75
Боливияда футболдук беттеш башталар алдында күтүүсүздөн оюн талаасынын чаңын сапырган куюн башталып, оюнчулардын биринин күрмөсүн чечип кеткен.

Окуянын видеосун The Guardian өзүнүн YouTube-каналына жарыялады.

Окуя Ахокалла шаарында өтүп жаткан футболдук оюн учурунда болгон.

Кадрдан көрүнүп тургандай, командалар беттеш алдындагы саламдашуу маалында куюн күтүүсүздөн келген. Оюнчулар туш-тарапка качкан. Ага карабастан шамал спортчулардын биринин күрмөсүн жулуп кеткен.

Окуядан улам беттеш бир аз убакытка үзгүлтүккө учураган.

75
Белгилер:
видео, куюн, беттешүү, футбол, Боливия
Тема боюнча
Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу
Асманга кеткен жол сымал. Кытайдагы таңгалдырган куюндун видеосу

Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

132
(жаңыланган 17:26 24.07.2021)
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

132
Белгилер:
рекорд, тик учак, балбан, Башкырстан, Россия
Тема боюнча
Канадалык жети жашар кыз 80 килограммдык штанга көтөрүп таң калтырды. Видео
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

0
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

0
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео