Таласта сел көпүрөнү алып кетип, элди жүктөгүч менен алып чыгышты. Видео

680
(жаңыланган 11:54 24.07.2021)
21-июлда нөшөрдөн улам Талас облусунун аймагында сел жүргөн. Ал Кара-Буура — Чаткал жолун каптап, көпүрөнү алып кеткен. Жергиликтүү тургундун айтымында, көпүрөдөн эч нерсе калган эмес.

ӨКМ ал жерден көп автоунаалар өтө калбай калгандыгын айтып, куткаруучулар келип жолду тазалашкан.

Жалпысынан 155 кишиге жардам көрсөтүлүп, алардын бир тобун жүктөгүч техниканын жардамы менен ташып чыгышкан.

Акыркы күндөрү Кыргызстандын бир топ аймактарында сел жүрүп, алардын бир катарлары адам өмүрүн алып кетти.

680
Белгилер:
Кыргызстан, Талас облусу, сел, куткаруучу
Тема боюнча
Таш менен топуракка толгон үйлөр. Лейлектеги селдин кесепетинин видеосу
Тапкан-ташыганынан заматта айрылышты. Марипов Сузакта селден жабыркагандарга барды

Пил аялды тепселеп коё жаздап... Чочутуп, андан соң жылмайткан видео

95
(жаңыланган 16:02 27.09.2021)
Түштүк Африкага келген туристтер аз жерден өмүрүнөн ажырап кала жаздаган видео интернет айдыңына тарады. Окуя Крюгер атындагы жаратылыш паркына туристтер чогулуп, кире турган учурда болгон.

Эс алуу аз жерден трагедия менен аяктап кала жаздаганы кадрга түшүп калган.

Видеодон автоунаалар катар тизилип токтоп, ал эми жолдон артка кетенчиктеп бара жаткан пилди четте турган туристтин телефонго тартып жатканын көрүүгө болот. Сырттан караган кишиге ал жаныбардын аракети суроо жаратып, бирок ошол учурда бадалдардын арасынан бир үйүр пилдин чыгып келе жатканы буга жооп болгон.

Бир нече ирмемде болуп кеткен коркунучтуу окуяга күбө болгон коопсуздук кызматынын менеджери Андре Шваб андан ары эмне болгонун түшүндүргөн.

Видеодон балдары менен өтүп бара жаткан үйүрдүн башындагы пил алардын жолунда, бирок бир топ алыс жүргөн эки аялды көздөй чуркаган. Муну көрүп коркуп кеткен берки туристтер кыйкырып, чаңырып, машиналардын сигналын жапырт иштетип, айтор, эне пилди алагды кылганга аракет кылышкан. Ири жаныбардын келе жатканын көргөн эки аял эки жакты көздөй качкан. Пил бирөөнүн артынан түшүп алып, жакындап калганда жолунан кайрылып кеткен. Көз ирмемде өмүрүнөн ажырап кала жаздаган аял токтобой чуркап, трассага чейин келген. Кадрдан кооптуулук өтүп кеткенден кийин туристтер кыраан-каткы болуп күлүп жатканын, ал эми пилдер жолун андан ары улаганын көрүүгө болот.

Андре Шваб бул окуя боюнча комментарий берген. Бул ирмем эки аялдын аман калып, бактылуу күнү экендигин айтып, дегеле жалпы туристтерге парктын ичинде сак болуп, абайлап жүрүүгө кеңеш берген. Кызматкер бул аймакта байырлаган жаныбарлардын баары бир жапайы экендигин эскерткени айтылды.

95
Белгилер:
Түштүк Африка Республикасы, Крюгер паркы, пил, турист, кооптуулук, жаныбарлар
Тема боюнча
Кескелдирикти, жыланды да "сулуулайт". Өзгөчө кесиптин ээси менен видеомаек
Ээсине эркелеп жатып көз ирмемде "азезилге" айланган ит. Кызыктуу видео

Шевченконун көз ирмемдеги муштуму жана UFC 266дагы кызыктуу учурлар. Видео

185
(жаңыланган 14:44 27.09.2021)
UFC Russia уюмунун YouTube каналы Лас-Вегаста болгон UFC 266 турниринин кызыктуу учурларын кесип, чогултуп, видеосун жарыялады.

Бул беттештердин эң эсте каларлыгы жана кызыктуусу жеңил салмактагы спортчу, кыргызстандык Валентина Шевченко менен америкалык Лорен Мерфиники болду. Шевченко октагондо башынан аягына чейин лидерликти дээрлик берген эмес. 4-раундда катуу чабуулга өтүп, Мерфини жерге жыгып катар-катар ургулагандан кийин калыс беттешти токтоткон.

Кыргызстандык мушкер кыздын беттешиндеги кызыктуу учурларды редакция чогулткан видеотоптомдон көрүүгө болот.

185
Белгилер:
Лас-Вегас, Валентина Шевченко, UFC, сокку, октагон, видео
Тема боюнча
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Спортчу Мамашов АСА мелдешинде UFC уюмунун экс-мушкери менен беттешет
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео
Мектептеги карантин. Архив

Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме

51
(жаңыланган 18:47 27.09.2021)
Жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган. Мэрия ата-энелерден ооруган балдарды мектеп, бала бакчага жибербей коё турууну суранды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Бишкектин кээ бир мектептеринде окуучулардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу айрым класстар жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган.

Биринчи май району:

  • №48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс;

Ленин району:

  • №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

Свердлов району:

  • №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс.

Мэрия бекитилген алгоритм боюнча кайсы мектептин окуучуларында коронавирус аныктала турган болсо, класстар жабыларын эскертти.

"Урматтуу ата-энелер, эгер балаңыз ооруп кала турган болсо, аны мектепке же бала бакчага жибербей коё туруңуз. Анткени бала башкаларга да жугузуп, вирусту жайылтышы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Жабылган класстардын окуучулары аралыктан окуп турары кошумчаланды.

51
Белгилер:
Бишкек мэриясы, коронавирус, окуучу
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды