Балбан 1,5 тонналык тик учакты жердеги темири менен кошо көтөрдү. Видео

Жазылуу
Пауэрлифтинг жана армрестлинг боюнча чебер, "Россиядагы эң күчтүү адам" наамынын ээси Эльбрус Нигматуллин 1476 килограммдык тик учакты жана жердеги платформасын көтөрүп кеткен. Таңгалдырган бул көрүнүш менен ал рекорд койгон.

Россиянын Экстремалдуу күчтөр федерациясы бул дүйнөдө теңдеши жок өзгөчө көрүнүш экендигин айтканын "Башинформ" агенттиги жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Russian Strongman Federation (@strongmanrussia)

Нигматуллиндин айтымында, мындай маанилүү ишке беш ай даярданган. Кадимки эле тренажерлорду колдонгон, атайын жасалган тик учак менен платформасын да көтөрүп көргөн.

"Ойлогонум орундалды. Конуп жаткан тик учакты көтөрүп, рекорд коюлган соң техника кайра учуп кеткидей кылып пландаштырганбыз", — деп айтып берди спортчу.

Балбан Нигматуллин бул рекордун Токидогу Олимпиадага кеткен Россиянын курама командасына жана дагы бир-эки иш-чарага арнагандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0