Бири-бирин үйрөтүп. Тоту куштардын таш менен бастырылган капкакты ачкан видеосу

Жазылуу
Сиднейде тоту куштар коомдук жайдагы фонтандарга сууга түшүп, таштандыдан жем издеген. Окумуштуулар бул жаныбарлар бири-бирине "жашоо тажрыйбаларын" үйрөтөрүн айтышкан.

Эзелтеден бери Австралиянын токойлорун жана кошуна өлкөлөрдү байырлаган чоң сары какаду канаттуусу (Cacatua galerita) шаар шартына тез көнүп кеткен канаттуу катары саналат. Бул тууралуу nat-geo.ru сайты жазып, видеосун чыгарды.

Буйвол помог детенышам леопардов спастись от гиены — видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.07.2021
Тап берип, сүр көрсөтүп. Буйволдун кабыландын баласын коргогон видеосу
Сиднейде тоту куштар коомдук жайлардагы фонтандарга сууга түшүп, таштандыдан жем издеп калган.

Видеодон көрүнүп тургандай, алар таштанды салынуучу идиштердин оозун ачканды да жакшы өздөштүргөн. Канаттуулардын таштандыны чачкан көрүнүшкө нааразы болгон жергиликтүү эл идиштердин капкагын таш менен бастырып койгон. Чымчыктар мунун да жолун таап, акырындык менен ташты түртүп жерге түшүрүп, ал жердин чакчелекейин чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0