Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео

Жазылуу
Индиянын Харьян штатынын тургундары суу астынан жер көтөрүлгөн кызыктуу окуяга күбө болуп, аны видеого тартып алышкан.

The Indian Express маалымат булагы жазгандай, кадрды Жагат Вани аттуу жергиликтүү тургун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. 

Жер жарылып унааларды жутуп кетти. Израилдеги окуянын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жер жарылып унааларды жутуп кетти. Израилдеги окуянын видеосу
Кадрдан көрүнүп тургандай, бет жагы жарака-жарака болгон жердин бир бөлүгү суу астынан капысынан эле көтөрүлгөн.

Мындай табигый кубулуштун эмнеден болору азырынча аныктала элек. Интернет-колдонуучулар буга карата өзүлөрүнүн түрдүү божомолдорун айтып жатышат. Айрымдары тектоникалык активдүүлүктөн улам жер көтөрүлгөнүн айтышса, кээ бирлери мунун себебин метан затынын топуракка топтолушунан келип чыккан дешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0