Качып, жалтактап... Жапаровдун сый тамагына бараткан депутаттардын видеосу

1786
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн дагы Садыр Жапаров менен жолугушуу үчүн "Ала-Арча" резиденциясына кетишти. Бул ирет да жеке унаалары менен эмес, баары чогулуп автобуска отуруп барышты.

Жолугушуунун темасы тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес. Мындан улам Sputnik Кыргызстандын кабарчысы эл өкүлдөрү жөнөп жатканда мамлекет башчы менен кандай маселени талкуулашарын сурады.

Көпчүлүгү эмне маселе караларын билбейт, "барганда көрөбүз" деп жооп берди. Кээ бири өлкөдөгү кырдаал жана шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланарын айтты. Арасында болгон чындыкты жашырбагандар дагы болду. Депутат Бейшеналы Нурдинов президент чайга чакырганын билдирди. Ал эми Умбеталы Кыдыралиев жыл сайын сессия жыйынтыкталып депутаттар каникулга тарап жатканда мамлекет башчынын сый тамагы уюштуруларын ачыктады. Бул салтка айланган жөрөлгө экенин кошумчалап, эч бир маселе талкууланбай турганын белгиледи.

Ошол эле учурда президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалганын, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жумада, 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.

1786
Белгилер:
Садыр Жапаров, депутат, жолугушуу, сый тамак, автобус
Тема боюнча
Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай, иткана болуп калды 

Токой аралап, чатырга түнөп... Путин менен Шойгу тайгада эс алган видео

8
(жаңыланган 13:00 26.09.2021)
Россия президенти Владимир Путиндин тайгада эс алып жүргөн учурдагы видеосун News24 Russia телеканалы жарыялады. Анда өлкө башчыны коргоо министри Сергей Шойгу коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Кадрлардан Путиндин балык уулап, токой аралап, кайык айдап жүргөнү көрүнүп турат. Ошондой эле анын чатырда түнөгөнү айтылат. Шойгу президент отурган чатырды карап "мыкты экен" деп баа берсе, Путин "мыкты иштеген кишинин турак жайы дагы жакшы болот" деп тамашалап жооп берет.

Эске салсак, Владимир Путин көбүнесе тайгада эс алат. Адатта анын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү бир нече күнгө созулуп, коргоо министри Сергей Шойгу жанында жүрөт.

8
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, Сергей Шойгу, эс алуу, видео
Тема боюнча
Тоодон зуулдап түшкөн Путин менен Лукашенко. Эки лидердин лыжа тепкен видеосу

Мен чемпионмун, баарына даярмын! Шевченко кийинки атаандашы боюнча жооп берди

15
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко жеңишинен кийин суроолорго жооп берип жатып ким менен кайсы дивизиондо болсо дагы таймашууга даяр экенин айтты.

Ага кийинки атаандашы тууралуу суроо беришти.

"Мен эч нерсеге карабай ким менен болсо дагы таймашууга даярмын. Мен бул жердемин, мен чемпионмун!" — деди спортчу.

Ошондой эле ал бир нече тилде күйөрмандарына салам жолдоп, ыраазычылгын билдирди.

Белгилей кетсек, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Шевченко бүгүн, 26-сентябрда, америкалык Лорен Мерфини жеңип, алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоп калды. Беттеш АКШнын Лас-Вегас шаарындагы T-Mobile спорттук аренасында өттү.

15
Белгилер:
Валентина Шевченко, жеңиш, маек, жооп
Тема боюнча
Валентина Шевченко атаандашы Лорен Мерфини шайын кетирип утуп алды. Видео
Силерди жакшы көрөм! Шевченконун Кыргызстанга салам жолдогон видеосу
Кыргыз желегин желбиретип... Шевченко кантип жеңгенин көрсөткөн видеолор