Кыргызстанда эмнеге апийим өстүрүлбөй калган? Кооптуу жылдарды баяндаган видео

Жазылуу
Кезинде Кыргыз ССРинин сегиз районунда узак убакыт апийим өстүрүлүп, республика андан жакшы киреше тапкан. Эмнеге 47 жыл мурда көйгөйү көп өсүмдүктү эгүү толук токтотулганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрүүгө болот.

Опиум в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2021
Өлгөн бөбөктүн ичине апийим катып өтүп... Кыргызстанда апийим кантип өстүрүлгөн
Азыркы Кыргызстандын аймагында апийим орус падышачылыгы орногонго чейин эле өстүрүлүп, аны талааларга айдоо Октябрь революциясынан кийин да токтогон эмес, бирок мамлекеттин көзөмөлүндө болгон. Улуу Ата Мекендик согуш маалында кыргызстандык дыйкандардын түшүмүнө суроо-талап жогорулаган. Ал эми 1960-1970-жылдары Кыргыз ССРи дүйнө жүзүндө колдонулган апийимдин жалпы көлөмүнүн 16 пайызын, СССРдин фармакологиясынын 80 пайызын сырьё менен камсыздаган.

Ошол эле маалда ал жылдары апийимдин айынан кылмыштуулук да күч алган. Аны уурдап саткандар, баңгизат катары колдонгондордун саны кескин өскөн. Мындай терс көрүнүштөр республика башында турган Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевди да тынчсыздандырган.

"Алгач биз чоң өлкөнү дары-дармек сырьёсу менен камсыздаган негизги республика болгонубузга сыймыктанчубуз, апийим өстүргөндөр өзүнчө эле эйфорияда жүрүшкөн. Апийим өндүрүшүн жогорулатып жатканда биздин республикага өлгүдөй коркунучтуу баңгилик — XX кылымдын чумасы келе жатканын билбептирбиз. Баңгизатка жетүүнү көздөгөндөрдү эч нерсе токтото албай калган. Алар талаада иштегендерге түшүм жыйнаганга чейин эле чоң акча берип жергиликтүүлөрдү мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбур кылган. Эгер ошол убакта апийим өстүрүү токтотулбаганда азыр эмне болмокпуз билбейм. Миңдеген адам ден соолугунан айрылып, Кыргызстан баңгизат менен шуулдангандардын ордосуна айланмак", — деп жазган өзүнүн китебинде Усубалиев.

Ошентип Кыргыз ССРинин башында тургандар аны өстүрүүнү токтотуу үчүн кайра-кайра Москвадагы борбордук бийликке барып, 1974-жылдан тарта республикада аны өстүрүүгө тыюу салдырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0