Афганистандагы элдик кошуундардын талибдер менен салгылашкан видеосу

Жазылуу
Sputnik Афганистан агенттигинин тартуу тобу талибдер менен кагылышкан аймакка барып, окуяны жеринен чагылдырган. Агенттиктин журналисттери афган моджахеддеринин командири Исмаил Ханды видеого түшүрүп калышкан.

Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, командир учурда Герат шаарынын Гузар районунда. Шаардагы 17 райондун ичинен ушул район гана өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө. Исмаил Хандын жан сакчыларынын бири талибдер менен кагылышууда көз жумган. Афганистандык журналисттердин айтымында, аскерлер элдик кошуундарга жардамга келген жок. Абадан коргонуунун жоктугуна карабай элдик кошуунга кошулгандардын саны өсүп жатканы кошумчаланды.

Эскерте кетсек, июнь айынан бери Афганистанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тиреш жүрүп келет. Согушкерлер өлкөнүн айыл жерлериндеги көптөгөн аймактарын ээлеп, чоң шаарларга кол сала баштаган. Азыр алар Герат шаарын көздөй жылууда.

Афганистандагы туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0