Эч ким ишенбеген бизнеске 100 миң доллар салып... Өзгөчө фермада тартылган видео

Жазылуу
Адыл Гапаров былтыр мамлекеттик кызматтан кетип, чегиртке баккан ферма ачкан. Алгач анын бизнес-идеясын уккандар башын чайкап, иши ийгиликтүү болоруна ишенген эмес. Ошого карабай Гапаров 100 миң доллар менен иш баштаган.

Адыл бизнесине кадамды 30 чегиртке менен таштап, учурда алардын саны 1,5 миллионго жетти. Бирок ишкер муну менен токтоп калгысы келбейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековПервая в Кыргызстане сверчковая ферма
Эч ким ишенбеген бизнеске 100 миң доллар салып... Өзгөчө фермада тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Первая в Кыргызстане сверчковая ферма
"Батышта чегиртке унунан жасалган тамак-аш популярдуу болуп бара жатат. Бул жандыкта белок, темир, кальций жана B12 витамини абдан көп. Муну көбүнесе кургатып, ун кылып тартып, тамак-ашка колдонушат. Чегирке уну арзан эмес, Кыргызстанда бир килограммы 80 доллар турат. Европада андан дагы кымбат — килограммы 180 евро. Бирок алар тонналап сатып алышат. Азыр бизден 500 килограммдай чегирке чыгып жатат, бул болжол менен 100 килограмм ун. Европа рыногуна чыгуу үчүн биз продукцияны көбөйтүшүбүз керек", — деди ишкер.
© Sputnik / Табылды КадырбековПервая в Кыргызстане сверчковая ферма
Эч ким ишенбеген бизнеске 100 миң доллар салып... Өзгөчө фермада тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Первая в Кыргызстане сверчковая ферма

Гапаровдун айтымында, акчаны ага эжеси берген. Ага чейин инвестор издеп, банктан насыя дагы алгысы келген.

"Эжем менин идеямды колдоп, мени менен кошо тобокелдикке барды. Батирин сатып, акчасын берди. Азыр облустарга  ачуу сунушу дагы болуп жатат. Анүчүн мен системаны түзүп, жыл бою иштей турган деңгээлге жетишим керек", — деди Гапаров.

© Sputnik / Табылды КадырбековПервая в Кыргызстане сверчковая ферма
Эч ким ишенбеген бизнеске 100 миң доллар салып... Өзгөчө фермада тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Первая в Кыргызстане сверчковая ферма

Ишкер билдиргендей, бул жатта адистер жокко эсе. Болсо дагы анын тажрыйбасын акысыз бөлүшпөйт. Мисалы, чегиртке фермасынын франшизасы 250 миң евронун тегереги.

"Менде мындай акча жок болчу. Ошол себептүү франшиза сатып алып, консультация берчү адистерди чакыра алган жокмун. Болгону жанымда иштеген адамдар эмгекчил жана тырышчаак болуп, ишибиз алдыга жылып кетти", — деди чегиртке бизнесинин ээси.
© Sputnik / Табылды КадырбековПервая в Кыргызстане сверчковая ферма
Эч ким ишенбеген бизнеске 100 миң доллар салып... Өзгөчө фермада тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Первая в Кыргызстане сверчковая ферма

Ферма ээсинин айтымында, Кыргызстанда чегиртке багып, белоктуу азык-түлүк алуу идеясы көпчүлүккө жакты. Тоңдурулган чегирткелерди сатып алып тамак жасагандар бар же кууруп бергиле деп суранышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0