Аскар Акаев УКМКдан чыкты. Видео

Жазылуу
2-августта КРдин мурдагы президенти Аскар Акаев Бишкекке учуп келген. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келишкен.

"Кумтөр" долбоорунун иши боюнча Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге коррупция беренеси менен издөө жарыяланган.

Тагыраагы, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаевдин дагы бар экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0