Кубанарымды же кайгырарымды билбей турам. Акжол менен Мээримдин видеомаеги 

Жазылуу
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшчүсү Акжол Мухмудов менен эркин күрөш боюнча балбан, коло медаль утуп алган Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-аташеси Кабыл Макешов спортчуларга суроо узатып, жооп алды.  

“Алтын медаль алабыз деп чоң аракеттер болгон. Финалдан утулуп калгандан кийин сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Бүгүн мага ишенип, сыртта туруп көргөндөр болуптур. Бирок ишеничиңерди актай алган жокмун. Анткен менен Айсулуу эже менен Мээримдин жеңишине абдан кубандым. Азыр мени куттуктагандар көп болууда. Бирок бул менин эле эмес, машыктыруучуларымдын, бүткүл кыргыз элимдин жеңиши”, — деди Махмудов.  

Ал эми Мээрим Жуманазарова бүгүн тогуз жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп жатканын айтты.  

“Албетте, алтын алуу тилегим бар эле. Бирок колого дагы шүгүрчүлүк. Жеңишимди ата-энеме, агайларыма жана жалпы кыргыз элиме арнайм”, — деди Жуманазарова.  

Эске салсак, Токио шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов күмүш медалга, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0