Жер карабай желкени түздөгүлө! Акжолдун аянттагы элдин алдында ыр окуган видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык балбан, Токио Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов аны колдогон кыргызстандыктарга рахмат айтып, эч бир мамлекетте мындай эл жок деген пикирин билдирди.

Ал бүгүн "Ала-Тоо" аянтында уюштурулган Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алуу салтанатында эл алдына чыгып сүйлөдү.

"Күндүн ысыктыгына карабай ушунча эл келип, бир муштумдай биригип биздин спортчуларга өтө чоң дем, күч берип жатасыздар. Биз эки күмүш, бир коло алып келдик. Муну менен артыбыздагы жаштар чоң мотивация алды деп ойлойм. Сиздердин колдооңуздарды сезип отурдук. Бир муштумдай бириккен эл эч бир мамлекетте жок, биздин өлкөнү көрүп алып дүйнө жүзү сыймыктанды. Токиодо "бизди "Ала-Тоо" аянтына чыгып ушунча эл көрдү" деп баарына мактанып жаттык. Тилекке каршы, мен ошол күнү үмүтүңүздөрдү актай албадым. Бирок Айсулуу эжем финалга чыгып, Мээрим коло утуп жакшы эмоция тартуулап бергенине сүйүндүм", — деп кайрылды Махмудов.

Ошондой эле балбан Олимпиадага даярданып жүргөндө акын Мирлан Самыйкожонун бир ырына таасирленгенин айтып, аны элге окуп да берди.

Жер карабай желкени түздөгүлө,
Биримдиктин билегин күчтөгүлө.
Тагдырыңды өзүңдүн колуңа алып,
Тыштан келген жардамды күтпөгүлө.

Турпагыңа белгиңди чийип, Кыргыз,
Тууңду көтөр ар дайым бийик, Кыргыз.
Түркөйлөргө чөгөлөп тизе бүкпөй,
Түндүгүңдүн алдына бирик, Кыргыз!!!

Жаңылыктар түрмөгү
0