Кызыл килем, өзгөчө сый-урмат. Олимпиадачыларды тосуп алуу аземинен репортаж

638
Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчулар мекенине кайтып келди. Аларды аба майдандан бийлик өкүлдөрү, туугандары жана журналисттер тосуп алды.

Кыргыз балбандары эки күмүш, бир коло тагынып келишти. Өлкөнүн эгемен тарыхында атлеттер биринчи болуп Олимпиададан үч медаль утуп жатат. Кыз-келиндер арасында дагы буга чейин бир да спортчу байгеге жеткен эмес. Жаңы тарыхты Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова жазды. Ал эми Акжол Махмудов 13 жыл мурунку тарыхты кайталады. Пекин Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев күмүш уткан эле.

Олимпиадачыларды аэропорттон атайын кортеж менен алып келишти. Күйөрмандары жол жээктеп шар, желек көтөрүп, кол булгап турушту.

"Ала-Тоо" аянтында спортчуларга арналган салтанат уюштурулуп, президент Садыр Жапаров катышты. Бул жерде ар бир олимпиадачыны өзгөчө азем менен тосуп алышты. Аларды куттуктаганы миңдеген кыргызстандык келип, кубанычына ортоктош болушту.

Мамлекет башчы улуттук команданы ийгиликтүү келиши менен куттуктап, кыргыздын баатыр кыздары Кыз Сайкал менен Жаңыл Мырзанын руху тирүү экенин белгиледи. Муну Тыныбекова менен Жуманазарованын жеңиши далилдеп турганын айтты. Ал эми Акжол Махмудовдун өзгөчө ыкмаларына баа берди.

Олимпиадачыларды тосуп алуу салтанаты концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Токио-2020 жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу барган. Эң акыркысы болуп оюнду 42 чакырым, 195 метрге чуркаган Дарья Маслова жыйынтыктады. Ал 88 жөө күлүктүн ичинен марага 36-болуп келди.

638
Белгилер:
Олимпиада-2020, спортчу, салтанат, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (248)
Тема боюнча
Айсулуу Тыныбекова турмушка чыгасызбы деген суроого жооп берди
Садыр Жапаров Олимпиададан медаль менен кайткандарга белек убадалады
Жер карабай желкени түздөгүлө! Акжолдун аянттагы элдин алдында ыр окуган видеосу

Нидерландда футбол фанаттары турган трибуна оюн учурунда урап түштү. Видео

31
(жаңыланган 12:17 18.10.2021)
Конокко барган команда жеңишти белгилөө үчүн фанаттары турган жакка келишкен. Алар ийгиликке секирип кубанып жаткан учурда трибуна урап түшкөн.

Нидерланддын Неймеген шаарындагы стадиондун трибунасы күйөрмандары менен кошо урап түштү.

Окуя өлкө чемпионатынын тогузунчу турундагы оюндун аягында болгон. "Витесс" клубу жергиликтүү НЕК менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жеткен. Беттештен соң жеңишти белгилөө үчүн футболчулар фанаттары турган трибунага келишкен. Күйөрмандар ийгиликке кубанып секирип жаткан учурда конструкция салмакты көтөрө албай урап түшкөн.

Кырсыктан эч ким жапа чеккен эмес. Кыйроого карабай "Витесстин" фанаттары майрамдоосун улантышкан.

Маалым болгондой, "Де Гофферт" стадиону 1939-жылдын 8-июлунда ачылып, 12 500 кишиге ылайыкташкан. Арена 2000-жылдын аягында заманга бап оңдолуп, 25-январда экинчи расмий ачылышы болгон.

31
Белгилер:
Голландия, стадион, трибуна, Кыйроо
Тема боюнча
Ошто көмүр жүктөлгөн унаа өтүп бара жаткан көпүрө урап түштү. Видео
Күйөрмандардын стадиондун үстүнөн кулаган мышыкты сактап калган кызыктуу видеосу

Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

110
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.

Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде беларустук Андрей Орловский дагы бразилиялык Карлос Фелипти калыстардын чечими менен жеңди.

Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.

110
Белгилер:
Лас-Вегас, UFC, беттешүү, кармаш, турнир, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
Депутат Государственной Думы РФ Александр Абалаков на пленарном заседании Госдумы РФ.

Акыйкатчы, шаардык кеңештин төрагасы. Шайлоого катышам деп иштен кеткендер

0
29-августта "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Андагы 21-беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалаган жетекчилер шайлоого катышса иштен кетиши керек.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызстанда ар кайсы деңгээлдеги жетекчилик кызматтарды ээлеп турган аткаминерлер 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого аттанып жаткандыктан иштен кетүүдө. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиядан кабарлашты.

БШК эске салгандай, быйылкы жылдын 29-августунда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзам күчүнө кирген. Андагы 21-беренеге ылайык, мамлекеттик саясий кызматтарды аркалагандар (ЖК депутаттары менен президенттен башкасы) жана муниципалдык саясий кызматкерлер (жергиликтүү кеңештин депутаттарынан башкалар) шайлоого катышып жаткан учурда кызматтан четтетилиши зарыл.

Ал эми башка мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалагандар жана ЖМК өкүлдөрү талапкерлигин койгондон тарта шайлоо жыйынтыгы угузулганга чейин кызматтык милдеттерин аткарууну токтотуп турушу керек.

Мындан улам төмөнкү жетекчилер ишин тапшырды:

  • Жалолидин Нурбаев — Ош облусундагы Араван районунун Алля-Анар айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Эржигит Пасанов — Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Чыңгыз Оморов — Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн жетекчиси;
  • Нурмат Рыскулбек уулу — Чүй облусундагы Жайыл районунун Красно-Восточный айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Мирлан Жекшенов — Чүй облусундагы Москва районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Акылбек Мурсалиев — Чүй облусундагы Кемин районунун Боролдой айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • Эркин Иманкулов — Чүй облусундагы Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасы;
  • Замирбек Сыргабаев — MMA уюмунун мурдагы мушкери, Баткен облусундагы Кадамжай спорттук мектебинин директору.

Ошондой эле БШК кызматтан кетүү арызын акыйкатчы Токон Мамытов дагы жазганын кошумчалады.

0
Белгилер:
БШК, шайлоо, жетекчи, кызмат, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо