Физиевдин "кача берген" атаандашы, эсти оодарган нокауттар. UFC турниринин видеосу

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) кыргызстандык Рафаэль Физиев катышкан Хьюстондогу UFC 265 турниринин кызыктуу учурларын чыгарды.

Физиев америкалык Бобби Грин менен үч раунд кармашып, калыстардын чечими менен жеңишке жеткен. Таймаш маалында кыргызстандык мушкер дээрлик үстөмдүк кылып, тыным маалында машыктыруучусуна атаандашы качып жатканын айткан.

Спорттук уюм Физиевдин сокку узатуулары беттештин көбүрөөк көңүл бурдурган учуру деп табылганын жана кармаш эки тараптын тең күйөрмандарын бир топ кызытканын айткан. Көрүүчүлөр Физиев кызыктуу таймаш өткөргөнүн айтып, бул үчүн бонус берүүнү сунушташкан.

Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу Руслан Яманбаев менен беттешинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт
Айтылгандай эле UFC спортчуларга гононарынан тышкары да 50 миң доллардан сый акы берген.

Бирок кыргызстандык спортчу кармашына анча ыраазы эместигин, буга салмак түшүрүү процессинде кыйналып калганы үчүн таймашта темпти кармай албаганы себеп экенин айткан.

Кеченин башкы беттешинде Сирил Ган үчүнчү раундда техникалык нокаут менен Деррика Льюисти утту. Бразилиялык Жозе Альдо мекендеши Педру Муньюсту калыстардын бирдей чечими менен жеңди. Ошондой эле АКШлык Майлс Жонс бразилиялык Андерсон дос Сантостон озуп, жеңишин майрамдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0