Америкада бир моторлуу учак үйгө кулап, жарылып кетти. Видео

Жазылуу
Учак кулаган учур коңшу үйдүн тышына кыймылдарды жазып турчу байкоо камерасына түшүп калган. Борттогу эки киши тең көз жумган.

Американын Виктория шаарында (Миннесота штаты) Mooney M20 учагы кырсыктап, турак жайдын үстүнө кулап түштү.

Филиппинде аскер учагы кулап, кеминде 29 адам көз жумду. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2021
Филиппинде аскер учагы кулап, кеминде 29 адам көз жумду. Видео
Fox9 порталынын жазышынча, учак Александрия муниципалдык аэропортунан Хеннепин аймагындагы аба майданына бараткан.

Окуяга күбө болгондор учактын тетиктери абада эле ажырай баштап, үйгө кулагандан кийин жарылып кеткенин жазышты. Каргаша учурунда имаратта эч ким жок болгон.

Жеңил моторлуу учактын бортундагы эки киши тең көз жумган. АКШнын федералдык авиация башкармалыгы кырсык боюнча иликтөөнү баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0