Миңдеген гектар токой жок болду. Грециядагы ири өрттүн видеосу

Жазылуу
Грециядагы кырсык миңдеген гектар токойду жок кылып, жүздөгөн үйдү талкалады. 2,7 миңден ашык адам эвакуацияланды.

Грецияда ири масштабдагы өрт чыкты. Бир нече күндүн аралыгында эле өлкөнүн ар кайсы райондорун каптаган 586 өрт кырсыгы катталган. Көп айга созулган кургакчылык менен күндүн ысыгы жаратылыш кырсыгына себеп болгон. Баарынан да чоңдугу боюнча өлкөдө экинчи орунда турган Эвбея аралы жабыркады.

Талаадагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2021
Казакстанда талаадан чыккан өрт жүздөгөн койду куйкалап кетти. Видео, сүрөт
Куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар биригип өрттү өчүрүүгө аракет жасашууда. Мындан сырткары, Грецияга Европа менен Жакынкы Чыгыштын 20дан ашык мамлекети жардам берип жатат. Эл аралык деңгээлдеги колдоого карабастан куткаруучулар баары бир жетишсиз экени айтылды.

Өрт кырсыгы Грециядан башка Италия, Черногория, Түркия жана Түндүк Македонияны кыйнады.

Жаңылыктар түрмөгү
0