UFC элитасына айланууда. Белгилүү журнал Физиев тууралуу ролик чыгарды

Жазылуу
Аралаш мушташ жөнүндө жазган белгилүү интерактивдүү ERA MMA журналы кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевге арналган видеоролик чыгарды.

Анда Физиевдин КР ИИМ академиясынын курсантынан дүйнөдөгү беделдүү UFC уюмуна жеткенге чейинки баскан жолу баяндалган.

"Мурунку СССР өлкөлөрүнөн чыккан мушкерлер UFC уюмунда үстөмдүк кылууга аракет жасап жатат. Алардын арасынан көзгө басары Рафаэль Физиев болууда. Кыргызстандык мушкер, феноменалдуу техникасы жана каардуулугу менен айырмаланат. Ал үч жылдан бери жогорку деңгээлде мушташып келет. Натыйжада сокку чебери деп аталып, жеңил салмактагы UFC дивизионунун элитасына кирүүгө умтулууда", — деп баяндаган роликтин авторлору.

Ошондой эле мушкер 2017-жылы февралдан тарта таанымал боло баштаганы белгиленген. Анда Физиев беттештеринин биринде "Матрица" фильминдеги Нео сыяктуу соккудан буйтап качкан. Анын шамдагайлыгы социалдык тармактарга тарап, UFC президентинин көңүлүн да бурган.

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Рафаэль Физиев UFC уюмунда 15 мыктынын катарына кирди. Жаңы рейтинг
"Кыргызстандык мушкердин ыкмасы UFC президенти Дана Уайтка чейин жетип, ал ошол эпизодду социалдык баракчасына жүктөдү. Бир эле кыймыл Физиевдин атагын чыгарды", — деп айтылат видеодо.

17 мүнөттүк ролик басылманын YоuТube каналына мушкердин Хьюстондогу UFC 265 турниринин алдында жарыяланган.

Белгилей кетсек, 8-августта UFC 265 мелдешинде Физиев америкалык Бобби Гринди калыстардын чечими менен уткан. Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0