Бул оору менен ойнобогула. Жапаров уулу менен келип эмделди. Видео

Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкектеги соода борборлордун биринде коронавируска каршы вакцинанын экинчи дозасын алды. Аны менен кошо уулу Рустам Жапаров да келип эмделди.

Мамлекет башчы Sinopharm препаратынын биринчи дозасын 21 күн мурун алган.

Жапаров элди вакцина алууга чакырып, жаңы конуштун тургундары менен жолуккандагы бир учурду айтып берди.

"Ким вакцина алды деп сурасам 200 кишинин ичинен 10 эле адам кол көтөрдү. Бул 5 пайызды дагы түзбөйт деген сөз да. Ошондуктан пассивдүү болбой, активдүүрөөк болуп вакцина алып, өзүңөрдү өзүңөр карагыла. Качан гана баарыбыз вакцина алгандан кийин оорудан кутулабыз. Бул илдет менен ойнобогула. Мен силерден дагы бир жолу суранып жана өтүнүп кетем, вакцинациядан өтүңүздөр", — деди Жапаров.

Медициналык кызматкер эмдөө сертификаттарын толтупруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Кыргызстанда эмдөө сертификаты таанылган мамлекеттердин тизмеси
Учурда кыргызстандыктар коронавируска каршы вакцинанын 4 түрү менен эмделип жатат. Кытайдан 2,5 миллион доза Sinopharm, Россиядан 120 миң доза "Спутник V" алынган. Казакстан 25 миң доза QazVac вакцинасын гумжардам катары берди. Шведдик-британиялык AstraZeneca препараты 226 миң дозада алынды. Мындан сырткары, күздө Pfizer дарысынын 259 миң дозасын алуу пландалып жатат.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө 571 656 кыргызстандык эмделди. Анын ичинен эки дозасын тең алып бүткөндөр 234 891ди түзөт. Жамааттык иммунитет пайда болушу үчүн өлкөдө кеминде 2,4 миллион адам эмделиши шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0